Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт
5-ноябрда Бишкек шаарындагы Жаштык Аренада "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлады.
Билдирүүгө караганда, иш-чарага активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышат.
Алар өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун жана сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Форумдун максаты — жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу демилгелерин колдоо, алардын коомдук-саясий жана социалдык процесстерге катышуусун кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын келечеги боюнча пикир алмашуу үчүн аянтча түзүү.
Форумга катышуу үчүн каттоо жогорку окуу жайлары аркылуу жүргүзүлөт.