Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ала-Бука районунда аталган жылдары 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 66 чакырымдан ашык жол асфальтталды.

Ошондой эле 2026-жылы райондо 147 ишкана ачылып, 226 жаңы жумуш орду түзүлгөн.

Мындан тышкары, ирригация тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу каралууда. Атап айтканда, "Чанач-Сай" суткалык жөнгө салуучу бассейнинин экинчи кезегин жана жаңы "Сумсар-Сай" бассейнин куруу пландалган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 61 млн долларлык эки өндүрүш ишканасын куруу пландалууда

Жалал-Абадда 61 млн долларлык эки өндүрүш ишканасын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы наркы 61 млн АКШ долларын түзгөн эки ири өндүрүш долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу 25-октябрда өлкө лидери Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду. Маалыматка ылайык, "Глобал Эко Грин" компаниясы алма концентратын кайра иштетүү жана шире өндүрүүчү

Ишкер Media
Кыргызстан менен Катар түз абакаттамдарды ачууну талкуулашты

Кыргызстан менен Катар түз абакаттамдарды ачууну талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катардын соода жана өнөр жай министрлигинин тышкы соода маселелери боюнча мамлекеттик министри Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. МинКабдан маалымдагандай, тараптар анда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү келечегин талкуулашкан. Өзгөчө товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, биргелешкен долбоорлорду

Ишкер Media
Ошто 400 орундуу оорукана жана жаңы онкоборбор курулат

Ошто 400 орундуу оорукана жана жаңы онкоборбор курулат

Ош шаарында 400 орундуу оорукана жана жаңы онкокологиялык борбор курулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан маалымдады. Маалыматка таянсак, жаңы жугуштуу оорулар ооруканасы Кең-Сай конушунда куруу пландалган. Аны Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жеринде көрүп чыгышты. Ошондой эле алар жергиликтүү медициналык мекемелердин абалы менен таанышып, Төлөйкөн айылындагы мурдагы балдар кургак учук санаторийинин

Ишкер Media
Чаткалда дыйкандарга жеңилдетилген шартта күйүүчү май берилди

Чаткалда дыйкандарга жеңилдетилген шартта күйүүчү май берилди

Чаткал районунда 2026-жылы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө талаа иштерин жүргүзүү үчүн жеңилдетилген шартта күйүүчү май берилди. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Маалыматка караганда, аталган колдоо чарасы дыйкандардын талаа иштерин жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Президент жолугушууда айыл чарба тармагын колдоо менен катар райондун

Ишкер Media