Жолдорго берилген тышкы насыялар. 28 жылдын ичинде алынган 2.68 млрд доллар каякка сарпталды?

Жолдорго берилген тышкы насыялар. 28 жылдын ичинде алынган 2.68 млрд доллар каякка сарпталды?

Жалпысынан 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын жол-транспорт тармагына 2.68 млрд доллар тартылган, бул тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 23.4%ын түзөт. Транспорт тармагына бөлүнгөн бул сумманын 405.56 млн доллары (15.1%) грант түрүндө, калган 2.27 млрд доллары насыя түрүндө келген.

«КРга берилген тышкы жардамдардын ачык-айкындуулугу» долбоорунун эксперттери кенен талдоо жүргүзүп, анда Кыргызстанга тыштан канча жардам келгенин жана ал канчалык натыйжалуу колдонулуп жаткандыгына сереп салышкан. Чет өлкөдөн келген бардык тышкы жардамдар тууралуу жалпы маалыматты камтыган обзордун биринчи бөлүгүн мурдараак чагылдырганбыз. Андан сырткары, алар бюджетти колдоого тыштан көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу да сереп даярдашкан.

Бул жолу жол-транспорт тармагына тыштан келген жардамдар маселесин иликтейбиз.

Кандай долбоорлор ишке кирген

Чет элден келген ресурстардын эсебинен жол-транспорт тармагында 59 инвестициялык долбоор ишке кирген, алардын негизги милдети – Кыргызстанды негизги эл аралык жана регионалдык транспорттук каттамдарга кошуу менен өлкөнүн жол изоляциясы көйгөйүн чечүү болгон.

Атап айтсак, төмөндөгүдөй долбоорлор ишке кирген:

  • Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган «Бишкек – Торугарт» авто жолун реконструкциялоо
  • КРны коңшулаш Тажикстан менен байланыштырган «Бишкек – Ош» жана андан ары «Ош – Баткен – Исфана» жолдорунун долбоорлору
  • Сарыташ жана Карамык пункттары аркылуу Кытай менен Тажикстанга алып баруучу жол долбоору

Дүйнөлүк Банк Кыргызстан менен Тажикстанды камтыган CARS аймактык долбоорун каржылаган. Тактап айтканда, кыргыз жагы кыргыз-казак чек арасындагы Каркыра аймагынан башталып, Тажикстанга кетчү жолдордун бөлүктөрүн камтыйт.

Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен байланыштырган жол маселеси Казакстандын Талас – Тараз трассасы боюнча өткөн жолдорду реконструкциялоо жана калыбына келтирүү аркылуу дагы чечилүүдө. 2013-жылы Жалал-Абад жана Ош облустарын Ысык-Көл облусу менен байланыштырган альтернативдүү «Түндүк – Түштүк» жолун куруу долбоору башталган.

Донорлор

Донордук жана финансылык инструменттер менен жол куруу тармагына 1992-2020-жылдары көрсөтүлгөн тышкы жардамдар

Кыргызстандын эң ири тышкы донору болуп Кытай, тагыраак айтканда, Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы эсептелет. Бул каржы институту «Түндүк – Түштүк», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Ош – Сарыташ – Эркештам» жолдорун кошкондо, 9 жол долбоорун каржылайт.

Эксимбанктан каржылоо насыялык негизде гана жүргүзүлөт (1.1 млрд доллар). Өз кезегинде, КЭР өкмөтү 102.9 млн долларлык грантты Бишкек шаарындагы көчөлөрдү оңдоо боюнча долбоорлорго берген болсо, «Ош – Эркештам» унаа жолун курууну биргелешип каржылоого макулдашкан.

Азия Өнүктүрүү Банкы дагы КРнын жол тармагында активдүү донор болуп саналат: банк жалпысынан 642.6 млн доллар бөлгөн, анын 156.1 млн доллары гранттык каражаттар. Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (CAREC) демилгесинин алкагында Азия банкы «Бишкек – Ош», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Бишкек – Алматы», «Түндүк – Түштүк» жолдорунун бөлүктөрүн курууну жана калыбына келтирүүнү каржылаган.

Япония – Кыргызстандын жол тармагындагы үчүнчү ири донор. Жалпысынан 1992-2020-жылдар аралыгында ал 316.9 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөн, анын 76.69 млн доллары грант түрүндө берилген. Япониянын эсебинен «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо, «Бишкек – Ош» авто жолун калыбына келтирүү боюнча долбоорлор каржыланган. Учурда Япониянын жардамынын эсебинен Үрмарал дарыясына көпүрө куруу, «Бишкек – Ош» унаа жолунун айрым тилкелеринде кар көчкүсүн тосууга арналган курулуштардын жабдуу иштери жүрүп жатат.

Жолдордун сапаты

Жол көйгөйлөрү акырындап чечилип жаткандыгына карабастан, Кыргызстан жолдордун сапатын жана иштешин дүйнөлүк стандарттарга чыгаруу, талаптарга жооп берүү боюнча олуттуу иштерди жүргүзүшү керек.

Графикте Дүйнөлүк Банк тарабынан даярдалып жаткан Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун жана Логистик Ишинин Индекси (LPI) боюнча жолдордун сапатынын көрсөткүчтөрү/индекстери көрсөтүлгөн. Маалыматтар 2006/7 – 2018/19 аралыгында чогултулган. Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун маалыматы боюнча, Кыргызстан жолдордун сапатын жогорулатуу жаатында бир топ ийгиликтерге жетишти (2006-жылы 1.9 баллдан 2019-жылы 3.1 баллга чейин). Ошентсе деле жолдордун сапаты дагы деле дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн (4 баллдын тегерегинде болуш керек) төмөн.

Дүйнөлүк Банктын рейтингине ылайык, Кыргызстандагы жолдордун сапаты 2007-жылы 112 позицияда болгон. 2018-жылы өлкөнүн рейтинги 9 позицияга көтөрүлүп, 103-орунга чыккан. Бирок жолдордун сапатынын рейтинги 190 мамлекеттин арасында жүргүзүлүп жаткандыгын эске алганда, кыргыз жолдорунун сапаты дагы деле болсо дүйнөнүн орточо көрсөткүчүнөн төмөн, тагыраак айтканда, бул дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жарымынан төмөн дегенди билдирет.

Жолдорду тейлөө

Ири жол долбоорлору негизинен чет элдик жардамдардын эсебинен каржыланарын эске алганда, Кыргызстан жол секторунун узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу боюнча так көз карашын калыптандырыш керек.

Биринчиден, автомобиль жолдорун максималдуу пайдалануу мөөнөтү 20-24 жыл. Бул болжол менен насыяларды төлөө мөөнөтүнө туура келет. Демек, мамлекет жолго алынган насыяны төлөп бүтөөрү менен, курулуп бүткөн жолду кайра калыбына келтирүү үчүн жаңы ресурстарды издөөсү зарыл. Айрым өлкөлөр бул көйгөйдү жол акыларын киргизүү жана башкаруу жолу менен чечишет, ал аркылуу мамлекеттик бюджетте жол фонддору түзүлөт.

Жол фонддору жолдорду кийинки оңдоо жана куруу үчүн каражат булагы катары кызмат кылат. Башка мамлекеттер жолду пайдалануу үчүн акы чогултуу механизмин колдонушат, башкача айтканда, алар жолдорго акы төлөп жүрө турган  кылып коюшат (албетте, бардык эле жолдорго эмес).

Экинчиден, жол тармагына келген чет элдик жардамдардын 85.7%ы курулуш/подряддык жумуштарга кетет. Өз кезегинде, жол жумуштарына башкы подрядчиктерди тандоо, донорлордун эрежелери жана жол-жоболоруна ылайык, эл аралык курулуш фирмаларынын арасында жүргүзүлөт. Эл аралык курулуш фирмалары субподрядчик катары жергиликтүү жол компанияларын жалдай алышат. Бирок субподряддык жумуштардын масштабы чектелүү болуп, ал адатта жалпы жол курулушунун келишиминин жалпы наркынын 40%нан ашпайт.

Өлкө келечекте ири жол долбоорлорун мамлекеттин ичинде жана анын чегинен тышкары башкы подрядчик катары өз алдынча жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык, технологиялык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөргө ээ бир катар жол компанияларын түзүү боюнча иштеши керек.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "