Жылдын аягына чейин 3 млрд кВт/с чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлөт

Жылдын аягына чейин 3 млрд кВт/с чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлөт

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, 2021-жылы 3 млрд кВт/саатка чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Бул суу сактагычтагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө, ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн жыл сайын өсүп жаткандыгына жана суу аз мезгилдин кийинки циклине байланыштуу деп түшүндүрдү министрлик.

Министрликтен билдиргендей, Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү эске алуу менен, 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилдерине даярдык үчүн кризиске каршы чаралар ишке ашырылып жатат, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо планы ишке ашырылууда.  

Бирок Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча өткөн жыйында Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын алуу менен маселе чечилбейт деп айтты. Анткени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аябай эле азайган.

Ал белгилегендей, 6-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд кубометрди түзөт, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.9 млрд кубометрге аз. Божомолдорго ылайык, быйыл суунун агып кирүүсүнүн көлөмү 8.4 млрд кубометрди түзөт же көп жылдык орточо нормадан 88%ды түзөт.

«Буга байланыштуу келерки жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдонгон көлөмү 8.8 млрд кубометрди түзүшү мүмкүн, бул гидроэнергетикалык жабдуулардын коопсуз иштеши үчүн сунушталган минималдуу көлөмдөн 0.9 млрд кубометрге төмөн», – деп кошумчалады ал.

Улуттук энергохолдингдин башчысы электр энергиясын керектөөнүн тынымсыз өсүшү 2022-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү «өлүк көлөмгө» жакындап, 6 млрд кубометрди түзүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.

Буга чейин Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков  Economist.kg сайтына берген маегинде көп жылдык иштөө регламенти бар Токтогул суу сактагычын туура эмес эксплуатация кылгандыктан азыркы суу тартыштыгы келип чыкканын айткан болчу.

«2017-жылы суунун көлөмү жетиштүү эле деңгээлде болчу. Токтогул суу сактагычынын өзүнүн көп жылдык иштетүү регламенти бар. Мезгил кургакчыл болобу, жаанчыл болобу, эгерде регламент менен туура иштетсе, анда суунун көлөмү өзүбүздөн ашып, экспортко чыгарууга да жетмек. Туура эмес эксплуатация кылышкандан бул маселе келип чыкты. Бул былтыры эле чыга калган көйгөй эмес, бул көп жылдык катадан улам болду», – деген эле эксперт.

Анын айтымында, 90-жылдардын аягында электр энергияны приватташтыруу программалары баш-аламан башкаруу системасына алып келген.

«Эгемендикти алгандан кийин, бул тармакты 7 компанияга бөлүп жиберип, башына «Улуттук энергохолдингди» коюп, тариф менен лицензия берчү агенттикти бекитип коюшту. Алар суунун көлөмүнө жооп беришпейт. Алар суу менен иши да жок, тарифти белгилешет, ортомчу компанияларга, майнинг-фермаларга лицензия беришет. Натыйжада, керектөөчүлөр көбөйүп, свет көп кете баштады. Анысы аз келгенсип, 2017-2018-жылы Өзбекстанга арзан баада 1 сом 60 тыйындан электр энергиясын аябай көп сатып жиберишкен. Ошондо 3 сомдон ашык баада сатыш керек болчу. Система баш-аламан болуп, бир жоопкерчилик болгон эмес. Регламентти эч ким караган эмес. Лицензиялар туш келди берилип, керектөө көбөйгөндө ГЭСке күч келген» – деп түшүндүргөн Карыбеков.

Республикадагы энергетикалык кризиске байланыштуу Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алып жаткан. Бирок өкмөт аны кандай баада алып жатканын сыр бойдон калтырып, маалымат бербей келген болчу. Мурдагы күнү 8-сентябрда ЖКнын жыйынында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев депутат Дастан Бекешевдин эмне үчүн Түркмөнстандан алына турган электр энергиясынын баасы сыр болуп, айтылбай жатканы тууралуу суроосуна жооп бергенде «сыр» маалыматтын чети чыкты.

«Бул жеңилдетилген баа, биз Союздун убагындагыдай ташыйбыз, баасы ЖЭБде өндүрүлгөндөн дээрлик 2 эсе арзан. Буга чейин президенттер 2 млрд кВт/саат электр энергиясын берүүгө макулдашышкан. Бул тариф ушул көлөм үчүн гана жарактуу. Андан кийин коммерциялык баа болот», – деди министрдин орун басары.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт.саат электр энергиясын берет. Ал  келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт.саат электр энергиясын экспорттогон.

КРгы Энергетикалык кризис темасын улай

«КРга берилген тышкы жардамдардын ачык-айкындуулугу» долбоорунун эксперттери Кыргызстандын Энергетика тармагын колдоого тыштан берилген жардам тууралуу кенен талдоо жүргүзүшкөн.

Ага ылайык, 1992-2020-жылдар аралыгында Кыргызстандын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорго 2.25 млрд доллар же тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 19.6%ы тартылган. Анын ичинен 334.11 млн доллар (14.9%) гранттык ресурстар болгон, ал эми 1.91 млрд доллар (84.1%) насыя түрүндө келген. Жалпысынан 41 гранттык жана насыялык келишимге кол коюлган.

Кытайдын Эксимбанкынан жалпы 983.80 млн доллар бөлүнгөн, бул энергетикага тыштан келген жардамдын 43.8%ын түзөт. Азия Өнүктүрүү Банкы 449.80 млн доллар берген, анын 202.60 млн доллары грант түрүндө келген. Бөлүнгөн каржылык жардам боюнча үчүнчү ири донор – Евразия Өнүктүрүү Банкы болуп саналат. ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттарынын бирин орнотуу иштери болуп, жалпы суммасы 210 млн долларга жеткен, эки ири долбоорду каржылаган.

1992-жылдан 2019-жылга чейин электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү жылдан-жылга 11-16 млрд кВт/с чейин жеткен. Электр энергиясынын негизги булагы ГЭС экендигин эске алганда, алар өз кезегинде мөңгүдөн түшкөн суудан абдан эле көз каранды. Ошол эле учурда, энергетика тармагына чет өлкөдөн келген каражаттын олуттуу көлөмү салынып жаткандыгына карабастан, электр энергиясын өндүрүүнүн эң жогорку чектери жогорулаган эмес жана ал кВт/с 16 млрд боюнча кала берген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда мамлекеттик программа алкагында жаңы баштапкы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын ишкерлерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын башында өкмөттүн чечими менен 2030-жылга чейин иштей турган долбоор бекитилген. "Стартаптарды ар кандай багыттар боюнча колдоого алышат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө. Жеңилдетилген насыялоо программасы 2030-жылга чейин