Экономика министрлиги ишкерлер үчүн салык режимин тандоо боюнча нускама иштеп чыкты

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн салык режимин тандоо боюнча нускама иштеп чыкты

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн салык режимин тандоо боюнча нускама иштеп чыкканын кабарлады.

Режимди тандоо ишкердин акча жүгүртүү деңгээлине, юридикалык каттоо формасына жана анын ишинин түрүнө жараша болот.

Салык режимдеринин түрлөрү

Кыргызстанда жалпы салык режими жана атайын салык режимдери (патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгɵн тутуму, электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык, эркин экономикалык зоналардагы салык режими, Жогорку технологиялар паркындагы салык режими, майнингге салык) колдонулат.

Жалпы салык

Салыктарды жалпы режимде төлөөнү чечкен ишкер

  • пайда салыгын (кирешеден 10%, салыктык мезгил: 1 жыл; пайда салыгын алдын ала төлөгөндүгү жөнүндө отчет берүү: 1 квартал, 6 ай, 9 ай)
  • сатуу салыгын (иштин түрүнө жараша 1%дан 5%ке чейин, салыктык мезгил: 1 ай)
  • кошумча нарк салыгын (КНС 12%, салыктык мезгил: 1 ай) төлөөгө милдеттүү.
  • Салык агенти катары милдеттенмелери пайда болгон учурда (кызматкерлер пайда болсо), анда киреше салыгын төлөөгө тийиш (кызматкердин кирешесинен 10% чегерилет, бул салык кызматкерге жүктөлөт) жана Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнө чегерүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү (кызматкерден 10% кармалат, эмгек акы фондунун 27.25% иш берүүчү тарабынан төлөнөт).

Бирдиктүү салык

Эгерде ишкер КНС төлөөчү болгусу келбесе, бирдиктүү салыкка өтсө болот. Бул режимде жүгүртүүсү жылына 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн салыктар каралган.

Бирдиктүү салык үч салыкты алмаштырат: пайда салыгы, сатуу салыгы, КНС. Ага чакан бизнестин өкүлдөрү гана эмес, орто бизнеске тиешелүү, башкача айтканда жүгүртүүсү жылына 30 млн сомдон ашпаган бизнестер да өтө алышат. Тигүү өнөр жайы үчүн жүгүртүүгө чектөөлөр жок.

Калкка сатууда жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон аз жеке ишкер ККМди (контролдук-кассалык машина) колдонууга милдеттүү.

Эгерде ишкер бирдиктүү салыкты тандап алган болсо, анда ал иштин түрүнө жараша бирдиктүү салыктын ставкасы боюнча салык төлөйт:

  1. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк чөйрө үчүн, соода үчүн: накталай формада 4%, накталай эмес формада 2% түзөт.
  2. Иштин калган түрлөрү үчүн накталай формада 6%, накталай эмес формада 4% түзөт.
  3. Муниципалдык мончону кошпогондо, коомдук тамактануу, сауна, бильярд жана мончо кызматтарын көрсөткөн учурда 8%.

Салык мезгили – 1 квартал.

Мындан тышкары, электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке 2% салык каралган: төлөөчү салык салынуучу жеткирүүлөрдү ишке ашырууда пайда салыгы, сатуу салыгы жана кошумча нарк салыгынан бошотулган. Салык мезгили 1 квартал.

Жалпы же бирдиктүү режимге карабастан, салык агентинин милдеттенмелери келип чыккан учурда ишкер кызматкерлерге карата пайда салыгын төлөйт жана Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн жүргүзөт.

Патенттин негизиндеги салык

Кыргызстанда патенттин негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму ыктыярдуу түрдө төлөнөт. Патент боюнча ишмердүүлүктүн тарифтерин жана түрлөрүн бул жерден көрө аласыз.

Патент ыңгайлуу болуп эсептелинет, анткени аны керектүү убакта жана белгилүү бир мөөнөткө ачууга болот, ошондой эле төлөөнү токтотуу менен патенттин негизиндеги иш-аракетти токтотуп же патенттин мөөнөтүн узартууга болот.

Патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштен түшкөн каражаттын көлөмү чектелген – 8 млн сом. Патенттин негизиндеги жөнөкөйлөтүлгөн тутумга ылайык, отчёттуулук талап кылынбайт.

Белгилеп кетсек, бир эле кардарга кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз көрсөтүү белгилүү бир салыктык тобокелдиктерге алып келет, тактап айтканда, түшкөн кирешеге социалдык камсыздандыруу салыгы жана пайда салыгы салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Ноокат районуна караштуу "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталганын "Кабар" агенттигине президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирген.   Аталган жайды курууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 385,8 млн сом каралган. Долбоордун башкы аткаруучусу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды”

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Экономика министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү Үрүмчү шаарында Курулуш министрлиги менен биргеликте кыргызстандык жана кытайлык курулуш материалдары боюнча компаниялардын жолугушуусун уюштурганын Экономика министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага түз жеткирүүлөрдү жолго коюу жана курулуш материалдарын жаңыртуу маселелерин карап жаткан 30дан ашуун ири кыргыз курулуш жана девелопердик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кытай

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

Быйыл авикаттамдар менен дүйнө жүзүндө 5 млрд адам учкан

2026-жылы аба каттам жүргүнчүлөрүнүн саны жаңы рекорддук деңгээлге жетип, 5,2 миллиарддан ашат. Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы дээрлик 5 миллиард адам авиакаттамдар менен учкан. Божомолдорго караганда, келерки жылы тармак өсүшүн улантып, дүйнөлүк жүргүнчүлөр агымы 4,4%га көбөйөт. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5,2

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган  медаль чыкты

Россияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган медаль чыкты

Россияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган уникалдуу эстелик медаль жасалганын "Российская газета" басылмасы кабарлады. Медаль "Дубровин" куюу үйүндө 999-сыноодогу таза күмүштөн жасалган. Медалдын бет тарабында Чыңгыз Айтматовдун профили жана анын белгилүү "Кылым карытар бир күн" романынын аталышы чегилген. 21 нускадан турган алгачкы партиясы