2022-жылы республикалык бюджетти колдоого 105 млн доллар каралды - Татиков

2022-жылы республикалык бюджетти колдоого 105 млн доллар каралды - Татиков

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков министрликтин Инстаграмдагы баракчасынан түз эфирге чыгып, республикалык бюджеттин тартыштыгынын тышкы жана ички каржылоо булактары тууралуу маалымат берди.

Анын берген маалыматына ылайык, республикалык бюджеттин тартыштыгынын ички каржылоо булактары – мамлекеттик баалуу кагаздар, ал эми тышкы булактары – сырттан келген насыялар болуп саналат. Мамлекеттин баалуу кагаздарынын эки түрү бар: мамлекеттик казыналык вексель жана мамлекеттик казыналык облигациялар. Мына ушул экөө бюджеттин тартыштыгына колдонулат.

Ошондой эле Татиков интернет колдонуучулардын бул жылы бюджетке сырттан канча каражат келгендиги тууралуу суроосуна жооп берди.

“Кредиттер тууралуу айта турган болсок, мамлекеттик инвестициялар программасы жана бюджетти колдоо программалары болуп бөлүнөт. Республикалык бюджетке 80 млн АКШ доллары каралган. Бул Евразия турукташтыруу фондунун каражаты жана экинчи кредит Дүйнөлүк банктыкы, ал 50 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 25 млн доллары – грант жана 25 млн доллары – кредит. Бюджетти колдоого жалпысынан бул жылы 105 млн доллар каралды.

Мамлекеттик инвестициялар тууралуу айта турган болсок, 2022-жылга карата 36 млрд сом каралган. Анын 21 млрд сому кредит, 14 млрд сому грант болуп эсептелет”, – деди Татиков.

Ошондой эле ал 2022-жылдын 8 айындагы отчету боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарга 15 млрд 600 млн сом каралганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына