Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5.2 млрд доллар – бул ИДПнын 60%ын түзөт

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5.2 млрд доллар – бул ИДПнын 60%ын түзөт

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бүгүнкү күндө 5.2 млрд долларды түздү, бул ИДПнын 60%ын түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Инстаграмда түз эфирде Финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, тышкы карыз 4.2 млрд долларды (ИДПга карата 50%) түзсө, ички карыз 1 млрд долларды (ИДПга карата 10%) түздү.

«Карыздын негизги бөлүгүн Кыргызстандын Кытайга болгон карызы ээлейт, бул 42%ды түзөт. Негизги кредит берүүчүлөрдү карасак, алар Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы. Өлкөлөр арасында Япония дагы негизги кредитор болуп саналат», – деди Татиков.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына