КР Бразилия, Индия, Афганистан өлкөлөрүнөн 35 млн долларлык кумшекер импорттоду

КР Бразилия, Индия, Афганистан өлкөлөрүнөн 35 млн долларлык кумшекер импорттоду

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга дээрлик 70 миң тонна кумшекер импорттолсо, өткөн жылдын ушул мезгилинде 20.4 миң тонна гана ипорттолгон. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Бразилия жана Индия КРга кумшекер сатуу боюнча лидер болушту.

Бразилия КРга быйыл 35.4 миң тонна кантты 20 млн долларга сатып, негизги импортер болду. Өткөн жылы болсо Кыргызстан ал өлкөдөн эч нерсе сатып алган эмес. Экинчи орунда болсо Индия турат – ал дээрлик 14 млн долларга 20.3 миң тонна кумшекер саткан. Өткөн жылы Кыргызстан бул өлкөдөн кумшекер алган эмес.

Белгилей кетсек, КР Афганистандан 1.1 млн долларга дээрлик 2 миң тонна кумшекер сатып алган, бул өлкө да Кыргызстанга продукциянын мындай түрүн мурда импорттогон эмес.


Эскерте кетсек, Монополияга каршы агенттик Октябрь айында кумшекердин баасынын төмөндөшү күтүлүп жатканын, ага себеп, жергиликтүү кант кызылчасы бышып калганын билдирген болчу.

Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, республикага негизинен Индиядан чыгарылган кум шекер алынып келинип жаткан. Ал эми “Кайыңды-Кант” ААК жана “Кошой” ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүп жатышкан. Логистикадан улам, базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору болуп жаткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына