Самаркандда Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай темир жолунун курулуш долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду

Самаркандда Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай темир жолунун курулуш долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду

Кечээ, 14-сентябрда, Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Кытайдын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду.

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, макулдашууга КР Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана видеоконференция форматында катышкан КЭР өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин  Төрагасы Хэ Лифэн кол коюшкан.

Документте КРнын аймагындагы  тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын бириктирилген варианты боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Тараптар активдүү кызматташат жана Кыргызстанда жүргүзүлө турган  техникалык-экономикалык негиздеме боюнча Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна биргелешип колдоо көрсөтүшөт.

Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) – 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес бүткөрүлөт.

Тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишим түзүү жолу менен ТЭНге кеткен чыгымдарды Тараптардын ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү ниеттенишет.

“Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат. Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт.

Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат”, – деп айтылат маалыматта.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана  калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө,  транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этүүсү күтүлүүдө.


Кошумча окуңуз:

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулса, КР жылына 200 млн доллар пайда көрмөк. Бирок эмнеге 30 жылдан бери курулбай келет?

КЭР – КР – Өзбекстан темир жолунун долбоорун иштеп чыгууга Кытайдан 80 адис келди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна сентябрда Самаркандда кол коюлат

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршруту аталды

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу дээрлик бүтүп калды

Садыр Жапаров: Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштайбыз

КЭР Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча КР даярдаган документтерди карап жатат

Мындан тышкары окуңуз

КНСтен бошотулуучу дары-дармектердин тизмесине өзгөртүү сунушталды

КНСтен бошотулуучу дары-дармектердин тизмесине өзгөртүү сунушталды

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлиги дары-дармек каражаттарынын, медициналык буюмдардын жана аларды өндүрүүдө колдонулуучу чийки заттардын КНСтен бошотулуучу тизмесин жаңыртуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоордо ТН ВЭД коддорун шайкеш келтирүү, укук колдонуудагы айырмачылыктарды жоюу, дары-дармектерди аныктоодо АТХ коддорун негизги критерий катары колдонуу каралган. Ошондой

Кыргызстанда автоунааларды онлайн каттоо убактылуу киргизилди

Кыргызстанда автоунааларды онлайн каттоо убактылуу киргизилди

Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын онлайн режиминде мамлекеттик каттоону киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин автоунаалардын айрым категорияларын онлайн форматта каттоо боюнча убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилет. Бул чара айдоочулук курамды каттоо системасын тартипке келтирүү, транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү жакшыртуу

Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык жер тилкесин пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузганы белгилүү болгон. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 0,63

Мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук алтын куймалар  өткөрүлдү

Мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук алтын куймалар өткөрүлдү

Сот аткаруучулар кызматы тарабынан мамлекеттин пайдасына 58,7 млн сомдук конфискацияланган алтын өткөрүлдү. Маалыматка ылайык, кызматтын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча бөлүмү мүлктү конфискациялоо тууралуу соттук акттын аткарылышын камсыздады. Анын алкагында жалпы салмагы 3971,04 граммды түзгөн 6 алтын куймасы конфискацияланды. Жыйынтыгында мамлекеттин кирешесине 58 млн 715 миң сом