Кыргызстанда автоунааларды онлайн каттоо убактылуу киргизилди

Кыргызстанда автоунааларды онлайн каттоо убактылуу киргизилди

Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын онлайн режиминде мамлекеттик каттоону киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин автоунаалардын айрым категорияларын онлайн форматта каттоо боюнча убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилет.

Бул чара айдоочулук курамды каттоо системасын тартипке келтирүү, транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар онлайн-каттоо системасынын иштешин камсыздап, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ошондой эле долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча квартал сайын отчет берилет.

Эгер бул пилоттук тартип ийгиликтүү ишке ашса, транспорт каражаттарын онлайн каттоону туруктуу негизде киргизүү каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Жергиликтүү демилгелерди мамлекеттик субсидиялоого долбоорлор даярдалууда

Жергиликтүү демилгелерди мамлекеттик субсидиялоого долбоорлор даярдалууда

Кыргызстанда жергиликтүү жамааттардын демилгелери боюнча долбоорлор иштелип чыгып, аларды аймактарды өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин кароосуна жана бекитүүсүнө сунуштоо пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо боюнча 2024–2027-жылдарга каралган программанын алкагында жүргүзүлүүдө. Экономика жана коммерция министрлиги Өнүктүрүү саясат институту

Ишкер Media
Мамлекеттик мүлктү эсепке алууда 12,7 млрд сомдук айырма аныкталды

Мамлекеттик мүлктү эсепке алууда 12,7 млрд сомдук айырма аныкталды

Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2025-жылга карата бюджеттин жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына аудит жүргүздү. Анын жыйынтыгында “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри” маалыматтары менен “Борбордук бухгалтердик эсеп” программасындагы маалыматтарды салыштырууда 12 млрд 752,9 млн сом өлчөмүндө айырмачылык аныкталды. Эсептөө палатасынын маалыматына

Ишкер Media
Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Кыргызстандыктар өздөрү чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн короткон каражаттарга караганда туристтер республикабызда 1,9 эсеп көп каражат коротушту. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасында ушундайча айтылат. Аталган комитеттин бидиргенине караганда, туристтердин Кыргызстанда короткон каражаттарынын көлөмү 528, 3 миллион долларды түздү. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинде. Биздин атуулдар чет өлкөлөрдө 284,

Ишкер Media
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте ТМУнун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттык сактоо жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты. Жыйынга Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов модераторлук кылды. Жыйында дары-дармектин жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, кадрдык

Ишкер Media