Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 2022-2023-жылдары 7% деңгээлинде болжолдонууда - ЕРӨБ

Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 2022-2023-жылдары 7% деңгээлинде болжолдонууда - ЕРӨБ

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан боюнча божомолун кайра карап чыкты. Бул тууралуу банктын “Аймактык экономикалык келечек” деп аталган отчеттук баяндамасында айтылат.

«КРнын экономикасы реэкспорт, акча которуу жана россиялык компаниялардын жана жеке адамдардын өлкөгө көчүп келүүсүнүн эсебинен пайда көрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда ИДПнын өсүшү 2022-жылы да, 2023-жылы да 7% деңгээлинде болжолдонууда», – дейт аталган банк.

Адистердин айтымында, рублдин бекемделиши жана Россияда импорттук жумушчу күчкө болгон суроо-талаптын жогору болушу 2022-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга акча которуулардын 11%га өсүүсүнө алып келген.

“Бул ички суроо-талапты колдоп, өнөр жай өндүрүшүнүн, туризмдин, сооданын жана жүк ташуунун өсүшүн камсыз кылды”, – деп айтылат билдирүүдө.

ЕРӨБдүн берген отчетуна ылайык, Кыргызстан бул чөлкөмдөгү мамлекеттик сектордогу эмгек акынын жана квалификациялуу жумушчу күчкө суроо-талаптын өсүшү менен шартталган реалдуу эмгек акынын өсүшү боюнча алдыда турат. Ал эми Кытай товарларын Россияга реэкспорттоо кыргызстандык майда ишканалардын жана жеке адамдардын негизги иштеринин бири болуп саналат.

Аталган уюмдун талдоочулары Кумтөр алтын кени боюнча көптөн бери созулуп келе жаткан чыр-чатакты жөнгө салуудагы өкмөттүн ийгилиги чет элдик инвесторлордун ишенимин калыбына келтирүүгө жардам бергенин, анын натыйжасында, 2022-жылдын январь-июнь айларында 628 млн долларга чейин түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы дээрлик эки эсеге көбөйгөнү айтышат.

Ошондой эле ЕРӨБ республикадагы гидроэнергетика жана темир жол транспорту сыяктуу ири долбоорлорго сырттан түз инвестициялардын келишин божомолдоодо.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде