Бул жылы КРга эң көп Канададан инвестиция тартылган - 26%
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикага келген бардык инвестициянын 26%ы Канадага туура келген. Бул тууралуу маалымат жыйынында Инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.
Ошондой эле ал журналисттерге 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз инвестициялардын келиши тууралуу маалымат берилди.
Баясовдун айтымында, биринчи орунда Канада – 26% (157 млн$), экинчи – Кытай (20.6%) жана үчүнчү Түркия — 6.1% ($38 млн ) турат.
2022-жылдын 6 ай ичинде чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы агымынын суммасы 628 млн долларды түзгөн.
Бишкек жана Чүй облустарына инвестициялардын агымы жалпы көлөмдүн 49% же 300 млн доллардан ашык туура келет. Ысык-Көл облусу инвестициялар боюнча лидер болуп эсептелет жана акыркы жылы Талас облусунда да өсүш байкалууда.
“Азыркы учурда инвестициялардын көпчүлүгү жеңил өнөр жайга, тоо-кен тармагына жана туризмге багытталган”, – деп билдирди Баясов.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз салымдардын көлөмү КРдин тарыхында үчүнчү жолу 1 млрд доллардан ашкан.