Кыргызстан өзүнүн кант кызылчасынан кумшекер өндүрүп баштады

Кыргызстан өзүнүн кант кызылчасынан кумшекер өндүрүп баштады

Кыргызстанда кызылча кантын өндүрүү башталды, бирок белгилей кетсек, Бразилиядан алынып келинген чийки кумшекерден да өндүрүлөт. Экономика министрлиги базардагы баанын абалы боюнча маалымат берди.

Министрлик республика кант менен камсыз болгонун, тартыштык жок экенин жана бааларды турукташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар тууралуу билдирүү жасады. Маалыматка таянсак, 31-октябрга чейин КНСтин нөлдүк ставкасы иштейт жана ЕЭКтин аянтында да 2023-жылга КРга кум шекерге жана чийки кантка квота бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Буга чейин ири жана чекене соода түйүндөр менен өлкөбүздө өндүрүлгөн кумшекерди калк үчүн арзандатылган баада сатуу боюнча келишимдер түзүлгөн (бир кг – 78 сом, бир кишиге күнүнө 1 кг чек менен). Шекерди 85 сомдон чектөөсүз сатып алса болот, бирок өлкө сыртына алып чыгууга убактылуу тыюу салынып, баалар такай көзөмөлдөнүп турат.

Жогорудагы көрүлгөн чаралар кант рыногун турукташтырууга алып келген жана Кыргызстандагы канттын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн.

Кант рыногунда бааларды турукташтыруу режимин колдоо максатында «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААК заводдорунун жанында кумшекерди эркин сатуучу фирмалык чекене дүкөндөр ачылган. Бүгүнкү күндө заводдон чыккан кумшекердин дүң сатуу баасы 1 кг 79 сомдон болууда.

КРда 2022-жылдын август айында кантка орточо рыноктук баалардын динамикасы 1 кг 90.7 сомду түзгөн, ал эми сентябрь айында кантка баанын төмөндөшү байкалган, бул кантка бааны кармап туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу болгон.


Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстан 35 млн долларга Бразилия, Индия, Афганистан өлкөлөрүнөн дээрлик 70 миң тонна кумшекер импорттогон.

Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, республикага негизинен Индиядан чыгарылган кум шекер алынып келинип жаткан. Ал эми “Кайыңды-Кант” ААК жана “Кошой” ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүп жатышкан. Логистикадан улам, базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору болуп жаткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде