Минкаб 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин кирешесин 500 млрд сом өлчөмүндө күтүүдө
Бийлик 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин кирешеси 500 млрд сом өлчөмүндө болот деп күтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев биринчи Бишкек экономикалык форумунда айтты.
Касымалиев форумда Кыргызстан мамлекеттик башкаруунун, жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу, ошондой эле өлкөгө инвестиция тартууну стимулдаштыруу боюнча чаралар көрүлүп жатканын жана бул маселеде бир топ ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.
«Үстүбүздөгү жылдын 8 айында эле эч кандай жаңы салыкты киргизбестен, салыктык башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен гана биз жыйымдарды 54%га көбөйтүүгө жетиштик.
2021-жылы консолидацияланган бюджеттин кирешеси 326 млрд сомду түзсө, 2022-жылы 424 млрд сом, 2023-жылы 500 млрд сом болот деп күтүп жатабыз», – деди ал.
Кошумча окуңуз:
«Кумтөрдү» кошпогондо бир жылда салыктык түшүүлөр 2%га гана өстү — эксперт
Импорт 69%га көбөйдү, экспорт 36%га кыскарды — Экономика министрлигинин жылдык отчету