Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы элди жакырчылыктан коргоп калууга даяр эмес
Кыргызстандын экономикасы экономикалык соккуларга алсыз жана өлкө чарбаларын жакырчылыктан сактап калууга даяр эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын КРдагы жакырчылыктын абалы боюнча акыркы талдоосунда айтылат.
Ошондой эле баяндамада экономикалык өсүүнүн туруксуз булактары болуп эсептелген акча которуулар жана алтын казып алуу терс экономикалык сокку учурларында жакырчылык тобокелдиктерин күчөтөт деп айтылат.
COVID-19 пандемиясына чейин деле экономикада стагнация болуп, туруктуу өнүгүү болбой келген. Мисалы, 2015-жылы калктын жан башына кирешеси 2013-2014-жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткен жана акыркы жети жылда ал киши башына 1200 доллардын тегерегинде гана болуп калган. Ушундай эле көрүнүш иш менен камсыз кылуу түзүмүндө байкалган, жумушчу күчтүн айыл чарбасынан (негизинен) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жылышы 2016-жылга чейин көбүрөөк байкалып, андан кийин токтоп калган.
Дүйнөлүк Банк өзүнүн баяндамасында экономиканын чийки заттарга (алтын жана айыл чарба продукциялары) жана акча которууларга катуу көз каранды болушу аны эл аралык рыноктогу олку-солку кырдаалга жана тышкы таасирлерге көбүрөөк аялуу болушуна шарт түзөт, бул өз кезегинде жумуш орундарына коркунуч туудурат, ошондой эле чарбалардын жакырчылыкка киришин шарттайт дейт .
«Кумтөрдү» кошпогондо бир жылда салыктык түшүүлөр 2%га гана өстү — эксперт