Салык кызматы белгиленген планды 236 млн сомго ашык аткарды

Салык кызматы белгиленген планды 236 млн сомго ашык аткарды

Ушул жылдын тогуз айында 111 млрд 755.4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулган. Белгиленген план 236.8 млн сомго ашык аткарылган жана бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 млрд 906.6 млн сомго көп жыйналган (өсүү темпи 147.3%). 

Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу МСКда өткөргөн жыйында билдирди.

Абдувапов белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 148 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган. 

«2022-жылдын январь-сентябрь айларында салык кызматы тарабынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү түрүндө 148 млрд 125 млн сом жыйналды, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44.3 млрд сомго көп», – деди Салык кызматынын башчысы. 

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров белгиленген салык чогултуу планы толук көлөмдө аткарылышы керектигин белгиледи. 

«Электрондук эсеп-фактураларга толугу менен өтмөйүнчө, товарлардын кыймылын эсепке алуу кыйынга турат. Бирдиктүү салык төлөм картасы, «Салык төлөөчүнүн кабинети» сыяктуу долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, ишке киргизүү керек. Контрабанда тууралуу унутпаңыздар, планды кыйналбастан аткаруунун бирден-бир жолу контрабанданы толугу менен токтотуу», – деди минкабдын башчысы. 

Кеңешменин жыйынтыгында Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө бекитүү пландалып жатканын белгиледи.


Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда