«Асман» шаары, шамал жана күн электр станциялары – сауд инвесторлорго 7 долбоор сунушталды

«Асман» шаары, шамал жана күн электр станциялары – сауд инвесторлорго 7 долбоор сунушталды

Сауд Арабиялык инвесторлорго жети ири перспективдүү долбоорлор сунушталды. Кечээ, 29-ноябрда, Сауд Арабиясынан келген бизнесмендердин иш сапарынын алкагында аталган долбоорлор ишке ашырылып жаткан жерлерде иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирди Инвестиция агенттиги.

Алсак, иш сапардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Kyrgyz Wind System компаниясынын кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын куруу боюнча өлкөнүн биринчи долбоору көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, «Дордой-Балыкчы» ЖЧКсынын бир өндүрүш нөөмөтүндө 100 баш чоң малды жана 1000 баш майда малды соё ала турган эт комбинаты көрсөтүлдү. Ал жакынкы үч айда ачылып, Перс булуңундагы өлкөлөргө эт экспорттоо пландалып жатат.

Ошондой эле жумушчу топ МЖӨ механизми аркылуу ишке ашыруу пландалып жаткан «Бишкек Солар» ЖЧКсынын күн электр станциясын куруу долбоору менен таанышты. Андан кийин халал стандарттары боюнча курула турган «Керемет Резорт» курорттук эс алуу борборунун долбоору сунушталды. Инвестициялардын керектүү көлөмү 8 млн доллар, каралып жаткан аянт 6 гектарды түзөт.

Делегация ошондой эле «Экологиялык таза “Асман” шаары» курулуш долбоорунун чоо-жайы менен таанышты. Эске салсак, долбоорго ылайык, шаар Ысык-Көлдүн жээгиндеги 4 миң гектар жерге курулуп, үстүнөн көз чаптырганда улуттук музыкалык аспап – комузду элестетет.

Андан ары гольф клубун куруу долбоору сунушталды. Ал арада экинчи топ Сауд Арабиясынын алдыңкы энергетикалык компаниясы Aqua Power менен биргеликте Токтогул ГЭСине барып, Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушу жүрүп жаткан жерди көрүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош мэри "Алай" футболдук клубуна автобус тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырганын Ош мэриясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген. "Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды",-деп айтылат маалыматта.

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

Кемин районунун башкаруу органдарынын бюджеттеринде финансылык бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш-планына ылайык, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүм тарабынан Кемин районунда 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил үчүн аудит жүргүзүлдү. Аудиттин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин түзүү жана аткаруу, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган. "Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген. "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон