«Айыл Банк» жана «РСК Банк» дыйкандарга 2 млрд сомдон ашык кредит берди

«Айыл Банк» жана «РСК Банк» дыйкандарга 2 млрд сомдон ашык кредит берди

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Айыл Банк» жана «РСК Банк» мамлекеттик банктарында көчмө жыйын өткөрдү. Жолугушууларда негизинен «Айыл чарбасын каржылоо» жана «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген кредиттерди берүү темалары талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мамлекеттик банктар мамлекеттик саясатты алып барган банктар болушу керек.

«Түшкөн бюджеттик каражаттарды жеңилдетилген кредиттерге жөн эле бөлүштүрүп койбой, кредиттерди берүүдөн мурун терең талдоо жүргүзүү зарыл. Дыйканчылык жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө берилген жеңилдетилген насыялардын маанисин калк чындап сезиши керек. Ошондо гана мамлекеттик колдоо натыйжалуу болот», — деди ал.

Белгилей кетсек, ушул жылдын башынан бери «Айыл Банк» «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында 892 фермерге 4.2 млн сом, ал эми «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында 29 фермерге 133 млн сом кредит берген.

Жыл башынан бери «РСК Банк» «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында 1025 фермерге 473 млн сом суммасында жана «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында 1374 фермерге 1.4 млрд сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттерди берген.

Белгилей кетсек, кредиттер 6% менен 5 жылга чейин берилет.

Жыйында ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын курууга жеңилдетилген насыяларды берүү, айыл чарба техникаларын жана коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды лизингге берүү маселелери каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га