Эки жылдан кийин Кыргызстанда ар бир төртүнчү жумуртка өлкө ичинде чыгарылат

Эки жылдан кийин Кыргызстанда ар бир төртүнчү жумуртка өлкө ичинде чыгарылат

2025-жылы Кыргызстанда ар бир төртүнчү тоок жумурткасы ата-мекендик фермаларда өндүрүлөт. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бакма канаттуулар фермасынын ишке кириши мындай көрсөткүчкө жетишүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) билдирди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жаңы бакма канаттуулар фермасы эки жылдын ичинде жумуртканын санын 132 миңге жеткирип, ошону менен жыл сайын 40 млн даана жумуртка өндүрөт. Бул Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун бул көрсөткүч боюнча 26%га чейин көтөрөт.

«Бул канаттуулар фермасын ишке киргизүү менен Кыргызстандын жумуртка импортуна болгон көз карандылыгы 7%га кыскарат. Бүгүнкү күндө өлкөдө тооктун жумурткасы боюнча азык-түлүк коопсуздугу 19%га жабылды», — деди ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Кошумчалай кетсек, «Жар-птица» чарбасы Чүй облусунда канаттуулар фермасын курган. Бирок аны ишке киргизүү жана тоют базасын алуу үчүн чарба фондго жардам сурап кайрылган. Бул долбоордун баасы 1.2 млн долларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Дубайда өткөн саммитте суу коопсуздугуна маани берилди

Дубайда өткөн саммитте суу коопсуздугуна маани берилди

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты. Министрлердин тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев дүйнө бүгүн өз-өзүнчө кризистерге эмес, климаттык, суу, азык-түлүк жана социалдык кризистердин системалуу айкалышына туш болуп жатканын белгиледи. Мындай шартта

Улуттук банк Telegramда алдамчылыктын жаңы толкунун катталганын билдирди

Улуттук банк Telegramда алдамчылыктын жаңы толкунун катталганын билдирди

Кыргызстандын Улуттук банкы Telegram мессенджеринде алдамчылыктын жаңы толкунун каттаганын регулятордун басма сөз кызматы кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, кылмышкерлер мамлекеттик жеңилдетилген насыяларды абдан пайдалуу шарттарда алуу боюнча жардам көрсөтө тургандыгын убада кылган жарнамаларды таратышууда. Жарандарды алдоо үчүн кылмышкерлер төмөнкү ыкмаларды колдонушат: * Улуттук банктын расмий логотиби менен жасалма документтерди көрсөтүү; * "Бактылуу

Кара-Кол каналынын суусун топтоого суткалык бассейн курулат

Кара-Кол каналынын суусун топтоого суткалык бассейн курулат

Баткенде Кара-Кол каналынын суусун топтоо үчүн суткалык жөнгө салуучу бассейн курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, район акими Данир Иманалиев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана суу чарба тармагынын жетекчилери, сугат суу боюнча атайын адистер Кара-Кол каналын куруу, калыбына келтирүү иштеринин аткарылышын жеринде

Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт

Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт

"Кыргыз Республикасынын дизайнерлер союзунун" коомдук бирикмеси маданият министрлигинин колдоосу менен 6-февралда Бишкекте дизайнерлердин эмгектеринен V республикалык жогорку окуу жайлар аралык көргөзмөнү өткөрөрүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусствосу музейинен билдиришти. Бул көргөзмө мейкиндигинде белгилүү профессионал дизайнерлер — жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгектери, ошондой эле декоративдик-кол өнөрчүлүк искусство, графика,