Кыргызстанда азырынча автоунаа чыгарылбайт – таштанды ташыгыч, чиркегич жана арабалар гана жасалат

Кыргызстанда азырынча автоунаа чыгарылбайт – таштанды ташыгыч, чиркегич жана арабалар гана жасалат

Улутстаткомдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы автоунаа өндүрүшү 1.3 млрд сомдон ашкан. Economist.kg сайты өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү боюнча отчетто «Автоунаа жана башка унааларды чыгаруу» категориясына кайсы унаалар кирерин ведомстводон тактап сурады.

Эске салсак, көптөгөн басылмалар, анын ичинде Economist.kg февраль айында Улутстаткомдун маалыматына таянып, Кыргызстанда акыркы жылда автоунаалардын өндүрүшү үчтөн бир бөлүккө өскөнүн жазган эле. Маалыматка ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда автоунаа өндүрүшү 1.3 млрд сом же 15 млн доллардан ашкан. Өндүрүш 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 30%га өскөн. Кыргызстанда кандай унаалар чыгып жатканын билүү үчүн бул отчет боюнча Улуттук статистикалык комитетке расмий суроо-талап жөнөттүк.

«КРнын «Экономикалык иштин түрлөрү» аталган мамлекеттик классификаторуна (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы токтому менен бекитилген 3-версия) ылайык, «Автотранспорт каражаттарын өндүрүү» бөлүмү эки бөлүккө бөлүнөт: «Автоунаа өндүрүшү» жана «Башка транспорт каражаттарын өндүрүү»», — деп жооп берди Улутстатком.

«Автоунаа өндүрүшү» аталган биринчи бөлүк — жүргүнчүлөрдү же жүк ташуу учун автотранспорт каражаттарын, чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди чыгарууну камтыйт.

Бул бөлүмдө 2022-жылдын январь-декабрь айлары боюнча отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • адистештирилген транспорт каражаттарын өндүрүү — таштанды ташыгычтар;
  • башка чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди жасоо — трактордук чиркегичтер;
  • автотранспорт каражаттарынын тетиктери — чиркегичтер үчүн тетик, такталар;
  • радиаторлор жана алардын тетиктери.

Экинчи бөлүк — «Башка транспорт каражаттарын өндүрүү» — бул бөлүккө мотоциклдерди, велосипеддерди жана алардын тетиктерин, балдар коляскаларын жана алардын тетиктерин, кол арабаларды, жүк ташуучу арабаларды жана ушул сыяктууларды жасоо кирет.

«2022-жылдын январь-декабрь айлары боюнча отчетто бул бөлүмдө: кол араба жана кол арабаларды өндүрүү көрсөтүлгөн», — деп белгилейт статистикалык кызмат.

Демек, Кыргызстанда автоунаалар толугу менен өндүрүлбөйт, былтыркы жылды айтсак, таштанды ташуучу унаалар, чиркегичтер, кол арабалар гана болгон экен.

Эске салсак, быйыл Кыргызстан менен Өзбекстан жылына үч миң автоунаа чыгара турган биргелешкен автозаводду ишке киргизүүнү пландап жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га