Минкаб Чүй облусундагы өнөр жай объектилерин ишмердигин текшерди

Минкаб Чүй облусундагы өнөр жай объектилерин ишмердигин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай объектилерин кыдырды. Бул тууралуу маалымат кызматы билдирди.

Төрөбаев Токмоктогу шаарында эскирген дөңгөлөктөрдү жана желим буюмдарды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоору менен таанышты.

Завод ишке киргизилгенден кийин желим буюмдарынан чыккан калдыктар азайтылаары, өлкөнүн экологиялык абалына оң таасирин тийгизип, эл аралык рынокко чыгаары белгиленди.

Андан ары Төрөбаев «Кыргызцентрпродукт» ААКнын ишканасына барып, жашылча-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү процесси менен таанышты. Маалым болгондой, ишкана 2010-жылдан бери иш алып барат, ата мекендик ири бренддерди кошуу менен 10 миң тоннадан ашуун жашылча-жемиш экспорттойт.

Жумуш сапарынын соңунда Бакыт Төрөбаев Токмоктун өнөр жай аймагынын абалы менен таанышты. МинКаб Төрагасынын орун басары мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн ата мекендик ишканаларды колдоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырып, Министрлер Кабинети инвесторлор үчүн күнү-түнү ачык экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саткан өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү төмөндөй баштаганы байкалууда. Мындан 10 күн мурда, 9-мартта Улуттук банктын алтын куймасынын 100 гр - 1 491 831 сом турса, бүгүн 19 мартта - 1 417 234 сомдон сатылып жатат. Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Парламенттер аралык бирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аялдардын үлүшү боюнча дүйнөлүк лидер деп табылган. Төрага белгилегендей, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдирди. Ошол эле учурда экспорт 20,3%га кыскарып, импорт 6,1%га көбөйдү. Жалпы

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, мекемеге доо коюлду. Маалыматка ылайык, ишкананын асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү