Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченин 13% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу банк маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, КРнын экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, белгисиздик жагдайлардын таасиринде, бир калыпта болбостон, тышкы финансылык рыноктордо өзгөрүлмөлүүлүк сакталууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана мунай рынокторунда баа динамикасынын акырындап төмөндөшүнө карабастан, көпчүлүк өлкөлөрдө жогору инфляция деңгээли күтүлүүдө. Ал эми региондо инфляциянын акырындык менен төмөндөшү алгылыктуу фактор болуп саналат.

«Улуттук банк тарабынан алдын ала көрүлгөн чаралардын натыйжасында, акча жана валюта рынокторундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда. Учурдагы акча-кредит шарттарын колдоо улуттук валютадагы аманаттарга болгон суроо-талапты сактоого жана калктын каражат топтоосуна өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет», - деп маалымат кызматы белгиледи.

Кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү факторлор мурдагыдай эле сакталып турушу күтүлөт. Күтүлүп жаткан инфляция деңгээли тышкы шарттар менен катар эле, ички факторлордун да таасиринде калыптанат, анын ичинен, ички суроо-талаптын акырындап көбөйүшү, ошондой эле бир катар тарифтердин жана акциздердин жогорулашы негизгилерден болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Алмаз Бакетаев КРнын Улуттук банкынын төрагасы болуп дайындалды

Алмаз Бакетаев КРнын Улуттук банкынын төрагасы болуп дайындалды

Президент Садыр Жупаровдун сунушу боюнча, бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жогорку Кеңештин депутаттары бул кызматка сунушталган Алмаз Бакетаевдин  талапкерлигин эч кандай суроо же сунуш киргизбестен,

Сүлүктүдө кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Сүлүктүдө кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Сүлүктү шаарында социалдык тармактардагы кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратураджан билдиришти. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын прокуратурасы тарабынан шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү социалдык тармактарда жарыяланган кайрылуунун негизинде башталып, анын жүрүшүндө кызматкерлерден мыйзамсыз ири өлчөмдө акча каражаттары чогултулганы

Токмокто органикалык сыр өндүргөн заманбап ишкана иштеп жатат

Токмокто органикалык сыр өндүргөн заманбап ишкана иштеп жатат

Токмок шаарында жайгашкан "Элит Моццарелла" ишканасы күн сайын 30 тоннага чейин сүттү кайра иштетип, сапаттуу органикалык продукция өндүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Токмок шаарында жайгашкан "Элит Моццарелла" ишканасы Борбор Азияда кошумчасыз, органикалык сыр өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Ишкана 2,5 жылдан бери

Дүйнөлүк авиабилеттер баасы жогорулап, айрым каттамдар кыскарып жатат

Дүйнөлүк авиабилеттер баасы жогорулап, айрым каттамдар кыскарып жатат

Дүйнөлүк авиакомпаниялар бааларды көтөрүп, каттамдарды кыскартып жатканын Reuters агенттигине таянып, Kazinform кабарлады. Анда белгиленгендей, АКШ жана Иран жаңжалынан улам авиаотундун баасы кескин өсүп жатат. Буга байланыштуу билеттер кымбаттап, маршруттар кыскартылып, учуу графиктери өзгөртүлүүдө. Авиакомпаниялар билет бааларын жогорулатуу жана каттамдарды оптималдаштыруу зарылдыгын белгилешүүдө. Ири авиакомпаниялар, анын ичинде Delta Air Lines жана