Кыргызстан менен Кытай Чэнду-Бишкек-Чэнду логистикалык каналын түзүү тууралуу талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай Чэнду-Бишкек-Чэнду логистикалык каналын түзүү тууралуу талкуулашты

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана «Кыргыз Почтасы» ААКнын жетекчилиги Кытайга иш сапары менен барып келишти. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, тараптар Кытай-Борбор Азия транзиттик жүк ташуу үчүн Чэнду-Бишкек-Чэнду логистикалык каналын түзүү тууралуу талкуулашты. Алар КРнын эл аралык аэропорттору Борбордук Азиянын бардык багыттарын камтый алат, ал эми Чэнду шаары транзиттик жүктөр үчүн аба хабынын ролун аткарат деп үмүттөнүшөт.

Ошондой эле, Ченду шаарына болгон иш сапардын алкагында Чэнду шаарынын чыгыш жаңы районун башкаруу комитетинин директору, КЭРнын Сычуань провинциясынын партиялык жумушчу комитетинин катчысынын орун басары Йин Чайойин менен жолугушуу болуп өткөн.

Жолугушууда биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташуунун бир катар маселелери талкууланган:

• «Бир алкак-бир жол»;

• Кытай-Кыргызстан-Европа авиация жүк ташууларында стратегиялык кызматташтыкты кеңейтүү;

• жашыл экономиканын максаттарына жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына шайкеш келген инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашырууда өз ара колдоо көрсөтүү;

• Кыргызстандын продукциясын Кытайга экспорттоону биргелешип илгерилетүү;

• эки тараптуу авиалогистикалык кызматтар үчүн санариптик соода платформасын түзүү;

• Кыргызстандын өндүрүшүн Кытайдын рыногуна экспорттоого, Бонд аймагы – "Тяньфу" аэропортунун эл аралык соода борбору аркылуу бөлүштүрүүгө жана сатууга көмөктөшүү;

• электрондук соода-сатык чөйрөсүндө кытай ишканалары үчүн чет өлкөлүк кампаларды биргелешип уюштуруу жана башкаруу.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү

Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр (ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттер) менен тышкы соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5,8%га азайганын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы күбөлөндүрөт. Төмөндөө 78,55 млн долларды түздү — өткөн жылы 1,35 млрд доллар болсо, быйыл 1,27 млрд

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетип, бир галлон үчүн 3,8 $ чыкты. Бул тууралуу Америкалык автомобиль ассоциациясына шилтеме берип, РИА Новости билдирди. Energy Information Administration көз карандысыз уюмунун аналитиктеринин маалыматына ылайык, мындай деңгээл акыркы жолу 2023-жылдын октябрь айында катталып, бир галлон үчүн 4 $ чейин

Садака-фитирди саналуу мүнөттө кантип муфтиятка түз төлөсө болот?

Садака-фитирди саналуу мүнөттө кантип муфтиятка түз төлөсө болот?

Ыйык Орозо айында муктаждарга жардам берүү жана жакшы иштерди кылуу өзгөчө мааниге ээ. MegaPay тиркемесинин колдонуучулары фитр-садаканы онлайн түрүндө — тез жана ыңгайлуу, түз эле смартфон аркылуу бере алышат. Тиркеме аркылуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине кайрымдуулук төлөмүн жүргүзүүгө болот. Сервис ар бир каалоочуга Орозо айы аяктаганга чейин бул маанилүү руханий

Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу жана Ормуз кысыгынын жабылып калганына байланыштуу Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү кескин азайганын "Казинформ" билдирет. Акыркы маалыматтарга ылайык, бир жума ичинде бул аймактан мунай экспорттоо февраль айына салыштырмалуу кеминде 60% га кыскарган. Мунун негизги себептери - жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр жана мунай өндүрүүнүн азайышы. Ормуз