Жылдын аягына чейин Баткенде канал курулат – 1 миң га жерди сугат суу менен камсыз кылат

Жылдын аягына чейин Баткенде канал курулат – 1 миң га жерди сугат суу менен камсыз кылат

Баткенде 1 миң гектар жерге суу жеткире турган Кара-Кол каналынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Такталгандай, учурда анда узундугу 14 км болгон каналды куруу, калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Долбоордун сметалык баасы 27 млн сом. Анын ичинен Агахан эл аралык уюумунан 26 млн сом грант берилген.

Азыркы учурда тоо арасындагы капчыгайдын ичиндеги Сары-Таш, Таңги участкасында темир суу түтүктөрүн сваркалоо, монтаждоо иштери жүрүп жатса, Ак-Терек участкасында каналды бетондоо жана даярдоо иштери жасалууда.

Каналдын курулушун 2023-жылдын ноябрь айына бүтүрүү пландалган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 24-26-ноябрда айрым жерлерде газ болбойт

Бишкекте 24-26-ноябрда айрым жерлерде газ болбойт

“Бишкекгаз” газ кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 24-26-ноябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондожаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн билдирди. Газ өчүрүлчү аймак: Лермонтов көч., ЧЧК, Первомайская көч., Бакай-Ата конушу. “Бишкекгаз” газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери 95%га аткарылды

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери 95%га аткарылды

Ысык-Көл облусунда электр энергиясын бөлүштүрүү жана эсепке алууну жакшыртуу максатында санариптештирүү иштери жигердүү жүргүзүлүп, жыл башынан бери 44 121 даана акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. “КУЭТ” ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылдын башынан бери акылдуу эсептегичтер төмөнкүдөй райондорго орнотулду: * Жети-Өгүз РЭТ – 11 895 даана * Балыкчы РЭТ

Жеңилдетилген насыя менен үнөмдүү жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Жеңилдетилген насыя менен үнөмдүү жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Өкмөттун «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында  Финансы министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан Ленин районунун Новопавловка айылында таза жана үнөмдүү жылытуу системаларына өтүү боюнча жеңилдетилген насыялоо мүмкүнчүлүктөрүнө арналган маалыматтык жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда адистер жылуулук насосторунун иштөө принциптери, алардын экологиялуулугу жана экономикалык артыкчылыктары тууралуу толук маалымат беришти. Ошондой эле

Кыргыз тигүү тармагына жиптин 110 түсүн киргизип, чоң банкроттон 6 жылда араң чыккам – ишкер Эшмат Келдибеков менен маек

Кыргыз тигүү тармагына жиптин 110 түсүн киргизип, чоң банкроттон 6 жылда араң чыккам – ишкер Эшмат Келдибеков менен маек

Адам баласы качан турмуштук муктаждыктан кыйналып, жаны ачыганда гана жоктон бар кыларын бизнесмендердин, ишкерлердин көбү айтып келишет. СССР тараганда нанга жетпей калган учурларды баштан кечирип, 18 жашынан Ош базарында тачке түртүп иштеп, кийин бизнеске аралашканда чоң суммада банкрот болуп, андан да чоң кыйынчылык менен чыккан ишкер, “Адал Жол” ЖЧКсынын башкы