Бийлик быйыл 10 млн жакын туристтердин келишин күтүүдө

Бийлик быйыл 10 млн жакын туристтердин келишин күтүүдө
Photo by Mike Dudin / Unsplash

2023-жылы 10 млн жакын туристтердин келиши күтүлүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Атада өткөн ИИБдин кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 2 млн чукул туристтерди тосууга даярданып келсек, быйылкы жылы 10 млн жакын туристтердин келиши күтүлүүдө. Туристтик артыкчылыкты мындан ары жогорулатып, тейлөөнүн баардык деңгээлин жакшыртып, өлкөгө келген конокторго ыңгайлуу жагдайларды тартуулап, коопсуздугун сактоо - жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын башкы милдети.

«Эл аралык кадыр-барктуу туристтик агенттиктерди, уюмдарды, чет элдик жана ата-мекендик инвесторлорду тартуу менен иш алып барууну негизги максат катары аныктап, бул багытта ишмердикти улантабыз. Эң башкысы айлана-чөйрөнү таза сактаганга, өлкөбүзгө келип эс алган туристтердин кайра кызыгып келишине, жарандарыбызга жумушчу орундарды түзүп, ар бир аймакта жергиликтүү инфраструктуранын өз алдынча өсүү темпин колдоого карата болгон күчүбүздү жумшайбыз», - деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм