Мамлекеттик банктарга сүт тармагынын жеңилдетилген насыя менен камсыздоосу тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү сүт өндүрүүчү ишканалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб маалымдады.

Төрөбаев «РСК банк» жана «Айыл банк» мамлекеттик банктарынын жетекчилерине сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатууга багытталган агроөнөр жай класстеринин алкагында жеңилдетилген насыя менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоону тапшырды.

Ал Ветеринардык кызматынын жетекчисинин ишин сынга алуу менен  ветеринардык көзөмөл боюнча  дыкат иш алып баруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтар боюнча 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен ЕАЭБ жана башка мамлекеттерге сүт азыктарын экспорттоо өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп болгон.