Кыргызcтанда эл аралык энергетикалык соода борборун түзүү зарыл

Кыргызcтанда эл аралык энергетикалык соода борборун түзүү зарыл

16-июнда Циндао шаарында (Шандонг провинциясы, Кытай) ШКУнун жеткирүү чынжырчасынын форумунун алкагында КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин Кытайдагы соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Биринчи эл аралык энергетика форумуна катышты. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Төрөмаматов белгилегендей, Кытай Кыргызстан үчүн маанилүү соода өнөктөшү жана энергетикалык продуктылардын эң ири керектөөчүсү.

«Кытай менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды натыйжалуу илгерилетүү үчүн Кыргызстан кепилдик жана маалымат аянтчасы, ошондой эле финансы, эсептешүү, бажы жана логистика боюнча оперативдүү чечим боло турган Эл аралык энергетикалык соода борборун түзүүнү зарыл деп эсептейт», - деп баса белгиледи Төрөмаматов.

Ал ошондой эле кытай тараптын өкүлдөрүн жана башка форумдун катышуучуларын Кыргызстандын энергетика тармагын инвестициялоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун