ЭКБ долбоорлору аркылуу Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясынын жалгыз булагы болот – ЕЭК

ЭКБ долбоорлору аркылуу Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясынын жалгыз булагы болот – ЕЭК

Россиялык-кыргыз ишкерлери энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) тармагындагы долбоорлорду ишке ашыра алышса, Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясынын жалгыз булагы болуп калат. Бул тууралуу ПЭЭФ-2023 платформасындагы «Россия-Кыргызстан» тематикалык сессиясында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев билдирди.

«Энергетика и промышленность России» гезити маалымдагандай, Глазьев минералдык ресурстардын көптүгүн жана табигый булактардан арзан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандын экономикасынын негизги атаандаштык артыкчылыктарынын бири деп атады.

«Бул өз кезегинде IT-технологияларды өнүктүрүү үчүн гиганттык перспективаларды жана маалымат борборлорунун негизинде масштабдуу эсептөөлөрдү талап кылган кубаттуу илимий базаны түзөт», - деди  Глазьев.

Ошондой эле, сессияда орус-кыргыз кызматташтыгынын жыйынтыктары жана пландары тууралуу талкууланды. Эки мамлекеттин кызматташтыгы тууралуу РФнын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Волвач айтып берди. Ал белгилегендей, 2022-жылдын аягында өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара соода 2021-жылга салыштырмалуу 36.8% туруктуу өсүп 270 млрд рублдан ашык тарыхый максимумга жетти. 2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу сооданын оң динамикасы уланууда – сооданын 26%дан ашык өсүүсү катталган.

«Кыргызстандын аймагында россиялык компаниялар 174.6 млрд рублга жакын 40тан ашык ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда. Орус-кыргыз кызматташтыгынын эң ири долбоорлорунун арасында Жерүй алтын кенин иштетүү жана Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станциясын (ГЭС) куруу бар. Биз биргелешип күн модулдары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча орус-кыргыз өнөр жай кластерин түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Энергиянын кайра жаралуучу булактары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири гана болбостон, ошондой эле биздин улуттук экономикалардын аз эмиссиясын өнүктүрүүнүн жана туруктуулугунун негизи болуп калышы мүмкүн», - деди Волвач.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media