Минкаб Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүн текшерди

Минкаб Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүн текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, Жапаров «Асыл Таш Плюс» кафель жана керамика чыгаруучу ишкананын курулушу менен таанышты. Долбоорго ылайык, ишкана биринчи этапта 400дөн ашуун адамды иш менен камсыз кылса, экинчи этапта 1000ге чейин жумуш орундарын түзүү каралууда. Өндүрүштү ишке киргизүү 2024-жылга пландалып, инвестициянын жалпы көлөмү 34.6 млн долларын түзсө, анын 25 млн  долларын Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлөт.

Андан ары Министрлер кабинетинин төрагасы «Кант труба-шифер ишканасы» ЖЧКсы (Кант ТШИ) ишке ашырып жаткан жаңы автоклавдуу газобетон заводунун курулушу менен таанышты.

Автоклавтуу газобетон заводунун курулушу 120 кошумча жумуш орундарын түзүп, салык жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жылына 100 млн сомдон ашуун көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, бул иштин алкагында мамлекеттик банктардын уставдык капиталы бир топ жогорулап, өнүктүрүү фонддору түзүлгөнүн кошумчалады.

Андан ары Жапаров Аламүдүн районундагы «Караван» соода-логистикалык борборуна барып, «Батыр логистикалык» борборунун логистикалык долбоору менен таанышты.

Иш сапарынын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда ишке киргизилген «Салих ЛТД» ЖЧКсынын балык тоюттарын өндүрүү боюнча жаңы линиясы менен таанышты.

Линиянын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 40 тоннаны түзүп, 60тан ашуун адамды жумуш менен камсыз кылат. Инвестициялардын жалпы көлөмү 2 млн долларын түзсө, анын 1.3 млн долларын Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Транспорттук көзөмөлдөөдөн казынага былтыр 1 млрд ашык сом түштү

Транспорттук көзөмөлдөөдөн казынага былтыр 1 млрд ашык сом түштү

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылы өлкө казынасына 1 млрд 167 млн 399 миң 800 сом түшүрүлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. 2024-жылы бул көрсөткүч 398 млн 886 миң сомду, ал эми 2023-жылы 99 млн 200 миң сомду түзгөн. Президенттин коррупцияга каршы аёсуз күрөш жүргүзүү тапшырмасына ылайык, транспорт

Ысык-Көл эми атайын техника менен тазалана баштайт

Ысык-Көл эми атайын техника менен тазалана баштайт

Министрлер кабинети Ысык-Көлдүн жээк аймактарын жана түбүн тиричилик таштандыларынан техника менен терең тазалоо тартибин бекитти. Бул токтом президенттин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар тууралуу жарлыгын аткаруунун алкагында жана аймактын экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө мыйзамга ылайык кабыл алынды. Жаңы тартип жээк тилкесинде жана суу астында иштеген атайын техниканын иштөө

Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген унаалар мындан ары мыйзамдаштырылбайт

Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген унаалар мындан ары мыйзамдаштырылбайт

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча дагы бир жолу кампания өткөрүлбөй турганын билдирди. Министрлик мындай машинелер убагында Кыргызстанга бажылык декларациялоо жол-жоболорун жүргүзүлбөй, ЕАЭБ бажылык жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык бажы төлөмүн төгүлбөй мыйзамсыз киргизилгенин кабарлады. Мекеме өлкөгө автоунааны ташып келүүдө бир машинеге орточо 1

Кыргызстанга 400 миң долларга чейин инвестиция салуучуларга 30 жылдык виза берүү каралат

Кыргызстанга 400 миң долларга чейин инвестиция салуучуларга 30 жылдык виза берүү каралат

Кыргызстанга 300-400 миң доллар инвестиция сала тургандарга 20-30 жылдык виза берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда дүйнөдө түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 трлн долларга бааланып, Кыргызстан бул ири рыноктон өз