Венгрия менен БАЭ Кыргызстандан этти сатып алуудан баш тартышты — баасы Казакстандан кымбат

Венгрия менен БАЭ Кыргызстандан этти сатып алуудан баш тартышты — баасы Казакстандан кымбат

Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргызстандын "Торо" компаниясы Венгрияга жана Бириккен Араб Эмираттарына эт экспорттоону пландаштырып жатканын буга чейин кабарлаган элек. Бирок тилекке каршы, көп өтпөй компания экспортко чыгалбай калганын билдирген.

Ата мекендик "Торо" ЖЧК муздатылган кой этин элүүдөн 100 тоннага чейин ай сайын БАЭге жеткирүү боюнча келишим түзгөнүн жана аны үч этап менен экспорттой турганын КР Экономика министрлиги да билдирген болчу.

Ал эми ушул жылдын февраль айында президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында аталган компания уй жана козу этин алып барышкан, жыйынтыгында, венгерлер эки айдан кийин этти сатып алууга келишим түзүү боюнча Кыргызстанга келишкени айтылган болчу. Ошондой эле Венгрияга этти жумасына 20 тоннадан 40 тоннага чейин экспорттоо күтүлүп жаткан.

ИШКЕР MEDIA "Торо" ЖЧКнын жетекчиси Эмил Мамбеткулов менен байланышып, түзүлгөн келишимдерге карабай, эмне үчүн компания экспортко чыга албай калганынын себебин сурады.  

"Кошуна мамлекеттерде эттин баасы 450 сом, ал эми бизде 550 сом болуп жатат. Баадан Казакстан менен атаандаштыкка туруштук бере албаганыбыз үчүн биздикин алуудан баш тартышты. Венгерлердин эксперттери келип кетишти, бул жактан үч жерден бааны алып көрүштү. Кымбат экенин байкап, баа ордуна келгенге чейин келишимди токтотуп коюшту", — деди Мамбеткулов.

Буга чейин Кыргызстандын этинин экспортко чыкпай калганынын себебин чийки заттын жетишсиздиги деген маалыматтарды компаниянын жетекчиси четке какты.

"Эт бар, баасы туура келбей жатат. Интервенция жасап, долларды 85тен ашырганга болбойт деп кармап жатабыз. Аларда акча эркин "плаваниеде" турат, доллардын баасы эркин базарда аныкталат. Экинчиден, бизде жемдин, чөптүн баасы кымбат болуп калды. Ар кандай факторлор көп. Азыр биз этти ички рынокко эле чыгарып жатабыз", — деди ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы "Торо" өндүрүшүн кеңейтүү үчүн USAIDдин "Атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана" долбоорунун алкагында этти абдан тез тоңдуруп, анын даамын, сапатын жана сырткы көрүнүшүн сактап кала турган камера сатып алган. Ошондой эле ISO 22000 эл аралык азык-түлүк коопсуздугу сертификатын да алган эле.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы соодагерлерге эскертүү берди

Бишкек мэри Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы соодагерлерге эскертүү берди

Бишкек шаарынын мэри бүгүн ордо калаанын Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы жагдай менен жеринен таанышып келди. Айбек Жунушалиев базарды кыдырып, андагы баш аламан соодага назарын бөлүп, соодагерлер менен баарлашты. Жайма базарга баруунун жүрүшүндө шаар башчы, базарда соода кылгандарга соода жүргүзүүдө эрежелерди так сактап, жашыл аймакты тебелейбей, эл басуучу жолду жаппай, тартипти

Бишкекте өткөн ишембиликте 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Бишкекте өткөн ишембиликте 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

25-апрелде өткөн жалпы шаардык ишембиликке 36 миңден ашык шаар тургуну катышты. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында 230 тоннадан ашык таштанды жыйналып, ошондой эле 48 чакырымдан ашуун ирригациялык тармактар тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымтка карганда, санитардык тазалоо иштери короолордо, парктарда, скверлерде жана социалдык объекттердин айланасын камтыды. Айрыкча ирригациялык

Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду

Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду

Бүгүн 26-апрелде  Ош шаарында Х.Абдуллаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаар тргундары катышты. Жүргүзүлгөн иштерди натыйжасында жол толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Долбоордун жалпы наркы 34

Гумандуулуктун экономикасы: Бишкекте жаныбарларды жок кылуудан баш тартуу канчага турат

Гумандуулуктун экономикасы: Бишкекте жаныбарларды жок кылуудан баш тартуу канчага турат

Жаныбарлар цивилизациянын шериктери болуп саналат. Иттер менен мышыктар илгертен бери адамдар менен бирге жашап келишкен. Коом өнүккөн сайын кээ бир ит-мышыктар үйгө шерик болуп калышса, айрымдары башка тагдырга туш болушкан. Кыргызстанда шаарлар өскөн сайын жолбун жаныбарлардын көйгөйү курчуп баратат. Шаар тургундарынын көбү аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканын жакшы билишет, бирок