Эмгек министрлиги Санкт-Петербургда мигранттарды ишке орноштуруусун жакшыртууга ниеттенүүдө

Эмгек министрлиги Санкт-Петербургда мигранттарды ишке орноштуруусун жакшыртууга ниеттенүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Миграциялык альянс (Санкт-Петербург, Россия) биримдиги менен миграциялык долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Документ кыргызстандык эмгек мигранттарын орусиялык ишканаларга ишке орноштуруу процессин жакшыртууга, иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө, жарандарды ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүгө көмөктөшөт.

«Биз Орусиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам жана колдоо көрсөткөн орусиялык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө маани беребиз», - деди Кудайберген Базарбаев.

Миграциялык альянстын негиздөөчүсү, Bronka Group холдингинин башкы директору Никита Муровдун айтымында, Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлиги менен кызматташуунун маанилүү максаты Санкт-Петербургдагы жана Ленинграддагы иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү платформасын түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука мамлекеттик маанидегиавтомобиль жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Унаа жолдун  жалпы узундугу  54 чакырым. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жолдун 34–39 чакырым аралыгындагы 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери каралган. Бүгүнкү күндө

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” Коргоо министрлигине 253 885 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бул төлөм 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткаруу учурунда жабыркаган Ми-8 тик учагы боюнча жүргүзүлдү. Тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Бул – Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуя боюнча эң ири

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, документке ылайык, администрациянын түзүмүнө жана штаттык курамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жарлык менен мамлекеттик кызмат орундарынын айрым аталыштары такталып, президенттин администрациясынын курамына катчылык институту расмий киргизилди.  Ошондой эле Администрациянын жаңыланган түзүмү жана