Айыл чарба министрлиги 10 миң гектарга жайыт үрөнүн себет

Айыл чарба министрлиги 10 миң гектарга жайыт үрөнүн себет

Кыргызстандагы кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99.5 тонна жайыт үрөнү сатып алынган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жайыт үрөнү жалпысынан 10 миң гектар аянтка себүү үчүн облустарга бөлүнүп берилет. Ал эми жайыт үрөндөрүн өзүбүздө өндүрүү үчүн 5 тонна жайыт үрөнү үрөңчүлүк чарбаларга бөлүнүп берилет.

Россиядан жайыт үрөнүн төмөнкү 6 сорту сатып алынды: тимофеевка (кара кыяк), кострец (буудайык), ежа сборная (ак-сокто), райграс, овсянница (бетеге), житняк.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

2026-жылдын 1-майынан баштап, Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (ички авиа каттамдарында авиабилеттердин баасын координациялоо системасы киргизилет. Мындай чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ички авиакомпаниялар Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU ортосунда өткөн жолугушуунун натыйжасында кабыл алынган. “Кыргызстандын аэропорттору" ААКнун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

Облустук деңгээлдеги жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, анын Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жети районунун тургундары менен жолугушуп жатып, эл көтөргөн маселелердин 80 % райондук, облустук деңгээлде чечиле турган

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

Финансылык туруктуулук ишенимден жана бекем кепилдиктерден башталат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 10,4 млрд сомго жетип, болгону үч ай ичинде 7,2 пайызга көбөйдү. КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жаткандыгын КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты.

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде окуу акысын жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылында өлкөдөгү жогорку окуу жайларында, колледждерде жана башка кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн төлөмдөр жогорулатылбайт. Бул чечим окуу жайдын менчигинин түрүнө жана макамына карабастан бардык