Эл аралык өнөктөштөр Жалал-Абаддын туризмин өнүктүрүүгө жардам берет

Эл аралык өнөктөштөр Жалал-Абаддын туризмин өнүктүрүүгө жардам берет

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев облустун туризм тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, жолугушууга эл аралык эксперт Мейв Обрайн, «Дестинация Жалал-Абад» уюмунун жетекчиси Мекен Маматкулов жана GIZ эл аралык уюмунун «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасынын өкүлдөрү катышты.

«Жолугушууда облустун туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, 2024-2026-жылдарга карата түзүлүп жаткан программаны талкулоо, кабыл алуу багытында сөз болду. Ошол эле учурда район-шаардык туризмди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешмелердин ролу, облустун туристтик потенциалын эл аралык дэңгээлде таанытуу, туризм багытында иштеген ишкерлердин дараметин жогорулатуу маселелери айтылды», - деп билдирүүдө белгиленди.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары облустун картасына түшүрүлгөн 20 туристтик маршруттар менен таанышты.

Мындан тышкары окуңуз

Оштун Ишкаван айылында 700 орундуу мектеп курулууда

Оштун Ишкаван айылында 700 орундуу мектеп курулууда

Ош шаарынын Ишкаван айылындагы жаңы мектептин курулушу тынымсыз уланууда. Учурда имараттын экинчи кабатынын плиталарын орнотулуп, дубалдарын тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, Башкы планга ылайык, имараттын  жалпы аянты 5 613 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттан турат. Мектеп заманбап талаптарга

Ысык-Көлдүн суусунан 35 үлгү алынды

Ысык-Көлдүн суусунан 35 үлгү алынды

Кыргызгидромет 2030-жылга чейин Ысык-Көлдүн экологиялык абалын көзөмөлдөө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бекиткен иштердин алкагында көлдүн суусунун сапатына кеңири байкоо жүргүздү. Маалыматка ылайык, мониторингдин максаты — көлдүн суусунун сапатын жана андагы өзгөрүүлөрдү баалоо. Экспедиция көлдүн бүткүл мейкиндигин камтып, 8-июндан 13-июнга чейин 17 көзөмөл жайында жүргүзүлгөн. Изилдөөлөр суунун үстүңкү

Кара-Суу районунда 61 км жол жасалууда

Кара-Суу районунда 61 км жол жасалууда

2026-жылга карата бектилген планга ылайык, Кара-Суу району боюнча жалпысынан 61 чакырым 690 метр жолго асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош ­– Кара-Суу унаа жолун оңдоп-түзөө долбоорунун алкагында узундугу 18 чакырым 690 метр чакырым жол асфальтталууда. Жолдун

Кочкор районунун Чолпон айылына спорттук комплекс курулат

Кочкор районунун Чолпон айылына спорттук комплекс курулат

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун тургундары менен жолугушту. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, иш-чара ачык диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө жашоочулар актуалдуу суроолорун Мамлекет башчысына түз бере алышты. Жолугушуу учурунда жарандардын айрым категорияларын турак жай менен камсыз кылуу, социалдык