Кара-Суу районунда 61 км жол жасалууда

Кара-Суу районунда 61 км жол жасалууда

2026-жылга карата бектилген планга ылайык, Кара-Суу району боюнча жалпысынан 61 чакырым 690 метр жолго асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ­– Кара-Суу унаа жолун оңдоп-түзөө долбоорунун алкагында узундугу 18 чакырым 690 метр чакырым жол асфальтталууда. Жолдун туурасы 15 метрден 22 метрге чейин жетип, 4 тилкелүү болот. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн туурасы 3 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жана велосипеддер үчүн жол курулууда. 

Кара-Суу – Октябрь – Кызыл-Кошчу  унаа жолунун  9 чакырымы толугу менен асфальтталып бүттү. Анын  5 чакырымы  титулдук тизмеден , 4 чакырымы “Капиталдык салымдар” беренесинен  эсебинен каржыланды. 
Узундугу 13 чакырымды түзгөн  Садырбай – Каратай  унаа жолундаподряддык уюм тарабынан  жолду кеңейтүү  жана жер  иштерин жүргүзүү  иштери аткарылууда. 

Ошондой эле  узундугу 5 чакырым болгон Ош – Кара-Суу унаа жолу  боюнча  долбоордук-смета даярдалып, жакынкы күндөрдө  курулуш иштери башталат.

Курбан-Кара -“Ынтымак” өткөрмө пункт  унаа жолунда 7 чакырым аралыкта асфальт төшөө үчүн  жер иштери аткарылууда.

4 чакырым аралыкты түзгөн  Нариман – Ленин унаа жолунун долбоору иштелип чыгып, ондоо иштерин  жакын арада  баштоо пландалууда.

Ал эми Кара-Суу шаары менен “Кара-Суу” өткөрмө пунктун бириктирген Х.Юлдашев унаа жолунда  бир катмар асфальт төшөлүп, жолдун четине суу лотоктору орнотулду. 

ПАД – Фрунзе унаа жолунда жана Ош шаарынын “Ош”  Эл аралык аэропорт менен Кашкар-Кыштак айланма жолунда дагы асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media