Ысык-Көлдүн суусунан 35 үлгү алынды
Кыргызгидромет 2030-жылга чейин Ысык-Көлдүн экологиялык абалын көзөмөлдөө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бекиткен иштердин алкагында көлдүн суусунун сапатына кеңири байкоо жүргүздү.
Маалыматка ылайык, мониторингдин максаты — көлдүн суусунун сапатын жана андагы өзгөрүүлөрдү баалоо.
Экспедиция көлдүн бүткүл мейкиндигин камтып, 8-июндан 13-июнга чейин 17 көзөмөл жайында жүргүзүлгөн. Изилдөөлөр суунун үстүңкү катмарынан тартып түбүнө чейин жүргүзүлүп, гидрохимиялык абалына ар тараптуу баа берүү мүмкүнчүлүгүн түздү.
Жалпы 35 суу үлгүсү алынган. Талдоолордун бир бөлүгү талаа шартында жүргүзүлсө, калган үлгүлөр Бишкектеги лабораторияга жеткирилип, учурда кошумча изилденүүдө.
Кыргызгидромет борбору көлдүн борбордук бөлүгүндө изилдөө жүргүзүү үчүн "Мөлтүр" илимий-изилдөө кемеси пайдаланылганын белгиледи.

