Сүлүктү көмүрүнүн туруктуу баасы бекитилди – 6-8 миң сомдон

Сүлүктү көмүрүнүн туруктуу баасы бекитилди – 6-8 миң сомдон
Photo by Artyom Korshunov / Unsplash

27-июль күнү президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров жана монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринин жетекчилери  менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жетекчилер көмүр кендеринин ишмердүүлүгүнөн кабар алуу максатында жерине да барышты. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жеринде Сүлүктүнүн «БР» маркасындагы көмүрүнүн бир тоннасы 6 миң сомдон, «БК» маркасындагы көмүрдү 8 миң сомдон сатуу макулдашылды.

Аны менен катар көмүр кендеринин жетекчилерине бааны туруктуу кармоо жагы эскертилди. Белгилей кетсек, облустук бийлик 2023-жылдын июнь айында  Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Баткен облусунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүү боюнча сунуш менен кайрылган.

Анын жыйынтыгы менен Сүлүктү шаарынын шахталарынан өндүрүлгөн көмүр бааларын туруктуу кармоо  алдын ала пландалган. Көмүрдүн баасынын жогорулашынын себебин шахта жетекчилери кен казуу иштеринин оордугу, кооптуулугу, жумушчу күчтүн жоктугу, инфляциянын өсүүсү менен түшүндүрүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун