Жалал-Абаддын ишканалары 6 айда 21.8 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү

Жалал-Абаддын ишканалары 6 айда 21.8 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү

2023-жылдын жарым жылында Жалал-Абад облусу боюнча 21 млрд 897 млн 300 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, бул жалпы көрсөткүчтүн 14.3% түзгөн. Мында аймактагы өнөр жайынын негизги төрт багыты боюнча өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 100% жогорулаган. Алардан, тоо-кен тармагында 11 млрд 18 млн сомдон ашуун продукция, нефти жана жаратылыш газын өндүрүү 2023-жылдын январь-июнь айында 4 млрд 394 млн 300 миң сомду түзүп, көлөм индекси 6.3% түзгөн.

Алты айда нефтини өндүрүү көлөмү 141.6 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8.1 миң тоннага көп өндүрүлгөн. Ошол эле учурда көмүр казып алуу тармагында 115 миң 944 тонна көмүр өндүрүлүп, пайыздык чен 108.6га жеткен. Жарым жылда облустун кайра иштетүү тармагында 4 млрд 51 млн сомдук продукция даярдалган. Бул коюлган планга карата 44.1% аткарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун