ЕӨБ жыл аягында Кыргызстанда инфляция 7.1%га жетет деп болжолдоду

ЕӨБ жыл аягында Кыргызстанда инфляция 7.1%га жетет деп болжолдоду

Евразия өнүктүрүү банкы жылдын аягында Кыргызстанда керектөө бааларынын 7.1% деңгээлинде өсүшүн болжолдоодо. Мындай маалымат ЭӨБдүн аналитиктеринин жумалык макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

ЕӨБдүн эксперттери керектөө бааларынын өсүшүнүн төмөндөшүн өлкөгө сырттан таасир берген баалардын басымынын басаңдашы менен байланыштырат.

Өнүктүрүү институтунун талдоочулары Кыргызстанда быйыл июль айында инфляция 10.3% деңгээлинде басаңдаганын белгилешүүдө. Июнь айында бул көрсөткүч 10.5% деңгээлинде болгон эле.

Ошол эле учурда инфляциянын тезирээк басаңдашына реалдуу эмгек акынын жана керектөө кредиттеринин тез өсүшү менен шартталган күчтүү ички керектөө суроо-талаптары тоскоол болууда. Бирок ЕӨБ жыл башынан бери өлкөдө акча-кредиттик шарттар катаалдагандыгын жана эмгек акынын реалдуу өсүшү төмөндөө тенденциясына ээ экенин белгилейт.

Буга байланыштуу талдоочулар керектөөдөн келип чыгуучу инфляциялык тобокелдиктер инфляциянын динамикасынын кайра өзгөрүшүнө азырынча коркунуч туудурбайт деп эсептешет. Натыйжада, быйылкы жылдын аягында керектөө бааларынын индексинин өсүшү 7.1%ды түзөрү болжолдонууда.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун