АКШ менен Евробиримдиктин талаптарын этибарга албоо – КРнын компанияларын санкцияларга туш кылышы мүмкүн – Улуттук банк

АКШ менен Евробиримдиктин талаптарын этибарга албоо – КРнын компанияларын санкцияларга туш кылышы мүмкүн – Улуттук банк

АКШ менен Евробиримдиктин санкциялык режиминин талаптарын этибарга албоо Кыргызстандын компанияларына экинчи даражадагы санкцияларды киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Улуттук банктан билдиришти.

Economist.kg Кыргызстандын банк тармагына АКШ экинчи даражадагы санкцияларды киргизиши мүмкүнбү деген суроо менен регулярдык органга кайрылды. Улуттук банк белгилүү бир шарттарда бул жыйынтыктын жогорку ыктымалдуулугун ырастады.

"АКШнын жана Евробиримдиктин санкциялык режиминин талаптарын этибарга албоо — Кыргызстандын экономикасынын субъекттерине экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү сыяктуу оор кесепеттерге алып келет", деп жооп берди ал.

Белгиленгендей, регулятор АКШ тарабынан экинчи даражадагы санкцияларды киргизүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде жумушчу жыйындар да өткөрүлүүдө.

"Коммерциялык банктарга алардын иши мыйзамдын талаптарын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү, коопсуз жана сергек банк ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин жана учурдагы экономикалык- геосаясий кырдаалды эске алуу менен жүргүзүлүшү керектиги жөнүндө кат жөнөтүлөт", деп кошумчалады регулятор.

Кредиттик мекемелерге банктын кардарларын тейлөөдө мыйзамдын талаптарына ылайык текшерүүнү жүргүзүүдө ички көзөмөлдү күчөтүү сунушталган.

Ошондой эле, бардык банктар экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдиктери жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерге кылдат мониторинг жүргүзүү жана аларды минималдаштыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдалган. Мындан тышкары, министрлер кабинетине экинчи даражадагы санкцияларды киргизүүгө жол бербөө боюнча бир катар профилактикалык чараларды көрүү сунушу менен каттар жөнөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин 2023-жылдын июль айында Кыргызстандагы шектүү которууларды жасаган жана Россияга "серый" импортту колдоого аракет кылган коммерциялык банктар республиканы Батыштын катаал санкцияларына дуушар кылышы мүмкүн деп айтылган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.