Өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна потенциалдуу инвесторлорду тартууга чакырды

Өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна потенциалдуу инвесторлорду тартууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Отурумда «Электр станцияларын куруу дирекциясы» ААК тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү максатында, бул долбоорго улуттук долбоор статусун берүү сунушу киргизилди.

Маалым болгондой, учурда Бишкек-Ош трассасынын 318-чакырымынан Камбар-Ата-1 ГЭСинин тушуна (айланма каналга) чейин келүүчү автожолду, транспорттук туннелди куруу, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, көмөк чордондорун орнотуу, ошондой эле көпүрө жана  куруучулар үчүн убактылуу шаарчаны куруу иштери жүрүп жатат.

Өз сөзүндө Төрөбаев жыйындын катышуучуларына Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна потенциалдуу инвесторлорду тартууга чакырды.

Бул багытта, Финансы министрлигинин өкүлдөрү Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Корея банкы жана бир катар эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, отурумда Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда жалпы каржы институттарына долбоорлорду презентациялоо сунушу дагы айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун Жол картасына кол койгон. Анда Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5.6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун