Кыргызстан япониялык ишкерлер менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан япониялык ишкерлер менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Президенттин адмнистрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальнинги Айбек Жунушалиев Япониянын Россия жана КМШ өлкөлөрү менен соода ассоциациясынын башкы директору Такафуми Накай менен жолукту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Тараптар логистика, инвестиция, айыл чарба, соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап алдыңкы япон тажрыйбасын жана технологиясын колдонуу менен кыргыз экономикасынын конкреттүү тармактарына Япониянын алдыңкы компанияларынан инвестиция тартуунун келечегин белгиледи.

Айбек Жунушалиев Кыргызстан Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын жалпы баалуулуктарын бөлүшүүчү жакын жана достук өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Өз кезегинде Такафуми Накай эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган долбоорлордун жана демилгелердин алкагында кызматташууну мындан ары кеңейтүү ниетин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.