Кыргызстандын банктары Россияда валюта соодасын жүргүзө алат

РФнын өкмөтү Россиядагы валюталык соодага банктары катыша ала турган өлкөлөрдүн тизмесин бекитти. Тизмеде 31 мамлекеттин ичинде Кыргызстан да бар.

Россиянын өкмөтү белгилегендей, "чет элдик кредиттик мекемелерге жана достук жана бейтарап өлкөлөрдүн брокерлерине орус валюта рыногунда, ошондой эле туунду рынокто соода жүргүзүүгө уруксат берилет".

Тизмеге 30дан ашык өлкө кирет: Алжир, Азербайжан, Армения, Бангладеш, Бахрейн, Беларусь, Бразилия, Венесуэла, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Иран, Катар, Кытай, Куба, Кыргызстан, Малайзия, Марокко, Монголия, БАЭ, Оман, Пакистан, Сауд Арабиясы, Сербия, Тажикстан, Таиланд, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африка.