Кытайлык SHACMAN “ТНК “Шумкар” менен биргелешкен цехти ишке киргизет

Кытайлык SHACMAN “ТНК “Шумкар” менен биргелешкен цехти ишке киргизет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайда болгон жумуш сапарынын алкагында, Shaanxi Jixin Industrial Co., Ltd. (SHACMAN) компаниясынын жогорку жетекчилиги менен жолугуп, автомобиль жабдууларын чыгаруу жана тейлөө жаатында кызматташуунун келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушууда Кытай менен Кыргызстан өнүгүүнүн жалпы баалуулуктарына, саясий, соода-экономикалык кызматташтыкка, анын ичинде “Бир алкак жана бир жол” демилгесине негизделген тыгыз жана достук мамилелерди өнүктүрүү улантылып жатканы белгиленди.

Бакыт Төрөбаев учурда минкаб “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу, ири ГЭСтерди куруу жана жаңы кендерди иштетүү сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи. Бул жагынан алганда, ишенимдүү жана далилденген унаа жабдуулары менен камсыз кылуу зарыл.

Төрөбаев Кыргызстанда жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын технологиялык өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган жыйноо цехинин тез арада ишке киргизилишине ишенимин билдирди.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда ишкердик кылуу үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасын, кураштыруучу тетиктерди импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотууну, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардагы жеңилдиктерди  белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө жана Европа Биримдиги менен ВСП+ статусуна ээ, бул товарларды экспорттоодо жеңилдиктер болоорун кошумчалады.

МинКаб Төрагасынын орун басары ошондой эле SHACMAN компаниясын Кыргызстандын салыктык жеңилдиктер каралган атайын экономикалык аймактарында өндүрүш ишканасын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды жана “Кыргызиндустрия” ААК менен кызматташуунун алкагында компанияны Ош облусунда автоунаа техникасын ишенимдүү тейлөөнү камсыздоо үчүн тейлөө борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун соңунда ал SHACMAN компаниясын Кыргыз Республикасын ишенимдүү бизнес өнөктөш катары кароого чакырып, өлкөдөгү ийгиликтүү инвестициялык ишмердүүлүккө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө