Кыргызстан Knauf ишканасын гипс чыгаруучу заводун курууга чакырды

Кыргызстан Knauf ишканасын гипс чыгаруучу заводун курууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Knauf ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Жапаров кыргыз тарап Ош жана Чүй облустарында гипсти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү менен курулуш материалдарын чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Заводдун ачылышы жана компаниянын өндүрүшүн Кыргызстанда жайылтуу жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөгө алдыңкы технологияларды берүүгө жигердүү салым кошот.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров компаниянын кремний жана каолин кендерин иштетүүгө кызыгуусун колдоого жана зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде “Knauf” компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Уве Кнотцер Мамлекет башчысына жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, компаниянын Кыргызстандын түндүгүндө гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле жалпысынан өлкөдө компаниянын өндүрүшүн жайгаштырууга кызыкдар экендиги тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, заводдун Чүй облусунда курулушу жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү калктын бакубаттуулугун гана жакшыртпастан, жалпы аймактын өнүгүүсүнө кошумча түрткү берет.

Уве Кнотцер компания кымбат баалуу жабдууларды колдонуу менен айлана-чөйрөнү коргоо максатында туруктуу өнүгүү принциптерин карманарын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун