Бажыда 8.9 млн сомго салыгы төлөнбөгөн товарлар аныкталды

Бажыда 8.9 млн сомго салыгы төлөнбөгөн товарлар аныкталды

БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана аларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Дээрлик 9 миллион сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Такталгандай, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери товарларды бажылык тариздөөчү жерге жеткирүү боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылы КРнын резиденттери «Э. Н.» ЖЧК, «С.К.» ЖИнин дарегине «кийим-кече, жашылча-жемиш» сыяктуу товарлар Өзбекстандан, Ирандан жана Түркмөнстандан жөнөтүлгөн. Жолдо Казакстандын бажы постунда бул товарларга 11 транзиттик декларация таризделген.

Бул транзиттик декларацияларга ылайык, бул товарлар жүк ташуучу унааларда ташылып, бажы тариздөөчү жерлерине жеткирилиши керек болчу.

Бирок БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана тиешелүү бажылык тариздөөсүз товарларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталган. 11 транзиттик декларация боюнча жеткирилбеген товарлардын баасы 127 миң долларын түздү. Товардын жалпы салмагы – 282 тоннаны түзгөн, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8.9 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм