Экономика министрлиги жеңил өнөр жайы дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

Экономика министрлиги жеңил өнөр жайы дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукциясы боюнча дүйнөлүк рынокто өз ордун табуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова ЖМКларга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын 90% тигүү өндүрүшүнөн турат. Жергиликтүү тигүүчүлөр дүйнөлүк моданын тез өзгөрүп жаткан тенденцияларына кылдаттык менен байкоо салып, чет өлкөлөрдө чоң суроо-талапка ээ болгон аялдардын жана балдардын сапаттуу кийимдерин чыгарууну үйрөнүштү.

Ошол эле учурда дүйнөлүк трансформациядан улам кыргыз кийим-кечелерине суроо-талаптын жогорулашы кадрлар менен көйгөйлөрдү жаратты – тармакта кенже жана орто звенодогу жумушчулар жетишсиз. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өндүрүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча КР Социалдык өнүктүрүү министрлиги Өзбекстандан, Пакистандан жана Бангладештен чет элдик жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квотаны көбөйтүү боюнча документ даярдап жатат.

Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө, экономика акырындык менен электрондук коммерция режимине өтүүдө, Wildberries жана OZON интернет аянтчалары үчүн соода аянтчалары түзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, жеңил өнөр жай үчүн сырьенун 90% жакыны Кытайдан ташылып, бул жаатта бул коңшу өлкө менен тыгыз кызматташтык түзүлүп жатканын белгилей кетүү керек. Сырьену ташып келүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча ар кандай чаралар иштелип чыгууда, мисалы, Кыргызстандын аймагында чийки зат базаларын түзүү же чек арадагы “жашыл коридор” аркылуу чийки зат менен камсыз кылуу сунушталууда, камсыздоо варианттары бар. Салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеткирүүчүлөргө жеңилдиктер, ишкерлерге кызматтык паспортторду берүү аркылуу виза маселесин чечүүгө болот.

Үсөнбекова кошумчалагандай, тери өндүрүшүнүн потенциалы чоң. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Монголиянын технологиясы боюнча кесек жүндү кайра иштетип, минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу ишкананы ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Өндүрүш үчүн каражаттар Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эсептөө палатасынын тескөөчүсү 900 миң сом пара алып кармалды

Эсептөө палатасынын тескөөчүсү 900 миң сом пара алып кармалды

Коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн тескөөчүсү Д.М Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл аймагындагы айрым финансылык мыйзам бузууларды

Сын-Таш айылында 64 млн сомдук спорттук комплекс курулду

Сын-Таш айылында 64 млн сомдук спорттук комплекс курулду

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында заманбап спорттук комплекс пайдаланууга берилди. Объект республикалык казынадан каржыланып, анын курулушуна 64 миллион сом жумшалды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, спорттук комплекс эки кабаттуу "А" жана "Б" блоктордон турат. Имараттын жалпы аянты

20 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

20 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген  бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын

Ысык-Атада быйыл 21,5 миң гектарга дан эгиндери айдалган

Ысык-Атада быйыл 21,5 миң гектарга дан эгиндери айдалган

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү башталды. Райондук администрациянын маалыматына ылайык, Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бек Жекшембаев жана район акими Алмазбек Рахманкулов Кочкорбаев айыл аймагында жүрүп жаткан оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Быйыл район боюнча жалпы 21 миң 575 гектар аянтка