Иран айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар

Иран айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар

2023-жылдын 2-октябрында айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков Ирандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Жолугушууда айыл чарба тармагынын аспектери, анын ичинде айыл чарба өндүрүшү, айыл чарба товарларын экспортто жана Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы техникалык кызматташтык талкууланды. Эки тарап бул жаатта кызматташууну бекемдөөгө жана айыл чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Министр өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы катары айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Иран Ислам Республикасы менен кызматташуу Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын сапатын жана дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берерин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун