Министр Данияр Амангелдиев ПРООНдун жаңы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту

2023-жылдын 5-октябрында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы жаңы туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, административдик-аймактык реформага көмөктөшүү жана аймактардын экономикалык потенциалын өнүктүрүү, “жашыл экономиканы” илгерилетүү жаатында кызматташуунун, чакан жана орто бизнести, өзгөчө “аялдардын ишкердигин” колдоо маселелери жана өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты тереңдетүүнүн мындан аркы багыттарын белгилешти.