Айыл чарба министрлиги жазгы жана күзгү себүүсүнө үрөндөр менен камсыздалышы тууралуу айтып берди

Айыл чарба министрлиги жазгы жана күзгү себүүсүнө үрөндөр менен камсыздалышы тууралуу айтып берди

2023-жылдын жаздык айдап себүүсүнө карата республика боюнча жалпы 66.8 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 66.1 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон камсыздалганы 98.9% түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Анын ичинен жаздык буудай үрөнүнүн керектөөсү 23.8 миң тоннаны түзсө, топтолгону 23,6 миң тонна же 99,5% түзгөн. Жаздык арпа үрөнүн керектөөсү 42,8 миң тонна болсо, топтолгону 42,2 миң тонна же 98,5% түздү. Мындан тышкары, сулу, күн карама, тамеки жана буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө болгон камсыздоо – 100% түзгөн, ал эми, эспарцет – 79,7%, беде – 74,8%, пахта – 84,3%, картөшкө – 99,2%, жүгөрү – 93,4%, сафлор – 97,8%, кант кызылчасы – 74,3% жеткен.

Департаменттин жана райондор аралык экспертиза борборлорунун адистери тарабынан 1-майга карата алынган маалыматы боюнча 46,0 миң тонна жаздык дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү, анын ичинде 17,4 миң тонна жаздык буудай жана 28,5 миң тонна жаздык арпа текшерилди. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн текшерилген үрөндөрүнүн ичинен 45,3 миң тонна себүү кондициясына туура келген, анын ичинде жаздык буудай 17,2 миң тонна, жаздык арпа –28 миң тонна ошондой эле сулунун – 113 тонна үрөнү текшерилип, ал 100% кондицияга жеткирилди.

Күздүк себүүгө республика боюнча жалпы 34,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттери тарабынан 32,6 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон, камсыздалганы 94,3 % түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун