Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү

Азыркы учурда төлөм системаларынын өнүгүшүн накталай эмес төлөм инструменттерин кеңири колдонуусуз, аралыктан банктык жана төлөм кызматтарын жана жаңы продуктыларды кеңири жайылтуусуз элестетүү мүмкүн эмес. Дүйнө тынымсыз өзгөрүп турат жана күн сайын адамдардын жашоосун жакшыртуу жана жеңилдетүү үчүн ушундай кызматтарды колдонуучулардын өсүп жаткан муктаждыктары жана жүрүм-туруму эске алынган жаңы техникалык жана технологиялык чечимдер пайда болууда. Бирок прогрессивдүү технологияларды колдонуу менен калк төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, алардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууда мамлекеттик кепилдиктерди талап кылууга укуктуу.

Улуттук банк стратегиялык документтер: КРнын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын жана

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын алкагында жакынкы жылдарга Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги векторун аныктады.

Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын өнүктүрүү санариптик жана мобилдик технологиялар тармагындагы инновацияларды колдонууга, тез төлөмдөр системасын колдонууга киргизүүгө, финансылык маркетплейсти, OPEN API өнүктүрүүгө, санарип валютасын (санарип сом) тестирлөөгө, ошондой эле аралыктан тейлөө түрлөрүн, анын ичинде байланышсыз карталар жана NFC технологиялар аркылуу, эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды кеңири жайылтуу максатында ишкердик субъекттеринин ишин стимулдаштырууга багытталган.

1) QR-код колдонуу менен төлөм системаларынын өз ара иштеши

Төлөм системасынын системалар аралык интеграциясы (өз ара иштөөсү) – бул системанын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн башка төлөм системалары менен өз ара итөөсү жана ишти камсыз кылуусу.

Өз ара ишти жүргүзүү максатында финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн QR-код боюнча улуттук стандарт иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун буйругу менен бекитилген.

Бардык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары QR-коддорун стандартташтыруу боюнча чараларды көрүшкөн, бул 2022-жылдын декабрынан тартып QR-кодду пайдалануу менен төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын (банктык карталар, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер) камсыз кылууга мүмкүндүк берген. Эми колдонуучулар банктын же төлөм уюмунун мобилдик телефонго орнотулган каалаган мобилдик тиркемесинин жардамы менен улуттук валютада акча каражаттарын которуу жана/же соода-тейлөө ишканаларында QR-код аркылуу товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөй алышат.

QR-код товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн которууларды жана төлөмдөрдү накталай эмес формада жүргүзүүнүн альтернативалуу (POS-терминал) жана кымбат эмес ыкмаларынын бири болуп саналат. QR-код колдонуу менен төлөм жүргүзүү үчүн смартфонуңуздун камерасы аркылуу же мобилдик тиркемеден QR-кодду сканерден өткөрүү керек. Кошумча жабдуу же программалык камсыздоо талап кылынбайт.

Учурда төлөм системасынын катышуучулары республиканын соода-тейлөө түйүндөрүндө QR-коддорду орнотуу боюнча ишти жигердүү жүзөгө ашырууда. Эгерде 2023-жылдын башталышында соода-тейлөө түйүндөрүндө 3,4 миң QR-код орнотулган болсо, 2023-жылдын 15-сентябрына карата алардын саны 22 миңге чейин жетип, учурда саны дале өсүүдө.

Ошондой эле, учурда жигердүүлүк менен өнүгүп жаткан коомдун талаптарына жооп берген санарип төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча долбоорлор да жигердүү ишке ашырылууда (NFC-карталарын колдонуу менен байланышсыз төлөм ыкмалары, P2P-которуулар, «Элкарт Pay» (Google Pay, Apple Pay аналогу) негизинде уюлдук телефон аркылуу төлөө).

Алсак, 2023-жылдын 1-сентябрына карата «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын жалпы саны 3 230 985 даананы түзсө, жүгүртүүдөгү «ЭЛКАРТ NFC» төлөм карталарынын саны 580 027 даанадан жогоруну түзгөн (2022-жылдын 31-декабрына карата – 388 487 бирдик).

Төлөм системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында калктын финансы чөйрөсүнө аралашуу деңгээли жогорулап, ал эми банктардын инновациялык технологияларды ишке киргизүүсү банк жана төлөм системаларын артыкчылыктуу жана атаандашууга жөндөмдүү катары калыптандырууда.

2) Финансылык маркетплейсти, OPEN API өнүктүрүү

Финансылык платформа (маркетплейс) – бул финансылык платформа кызматтарын сунуштаган оператордун электрондук онлайн-платформасын/витринасын түшүнүү зарыл, анда финансылык кызматтарды сунуштоочулардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат жайгаштырылган жана жеке кабинет аркылуу жана/же финансылык кызматтарды сунуштоочунун өзүнүн финансылык платформасы аркылуу шилтеме келтирүү же ушул платформадагы башка технологиялык чечимдерди колдонуу менен бүтүмдөрдү ишке ашыруу боюнча техникалык мүмкүнчүлүк каралган.

2022-жылдын июнь айынан тартып Улуттук банк бирдиктүү санарип финансылык онлайн-платформа (маркетплейс) жана ачык API программалык интерфейстерди түзүү жана ишке ашыруу үчүн укуктук ченемдерди белгилеген.

Алсак, «Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» жободо финансылык платформанын кызматтарын сунуштаган оператор боло алган катышуучулардын чөйрөсү (маркетплейс) жана сунушталуучу кызматтардын тизмеси аныкталган, ачык API интерфейстер аркылуу маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу каралган. Ошондой эле Улуттук банк тарабынан келип түшкөн арыздарды кароо боюнча ички жоболор бекитилген жана тиешелүү реестрди жайгаштыруу үчүн расмий веб-сайтта «Финансылык платформа кызматтарын сунуштаган операторлор (маркетплейс)» бөлүкчөсү түзүлгөн. Рынокту активдештирүү жана финансылык платформанын операторун (маркетплейс) каттоого арыздарды кабыл алуу күтүлүүдө.

Учурда Кыргыз Республикасында OPEN API (OPEN Banking) өнүктүрүү концепциясы жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү/тейлөөнү сунуштоочулардын маалыматтардан бирдей пайдалануусун камсыз кылуу жана банк жана төлөм рынокторунун катышуучулары ортосунда маалымат алмашуу процессин стандартташтыруу үчүн бирдиктүү стандарттар иштелип чыгууда.

3) Борбордук банктардын санарип валютасы

Кыргыз Республикасында 2022-жылдын май айында Санарип сом концепциясы (мындан ары – Концепция) бекитилген, ага ылайык санарип сом Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын кошумча формасы болот, Улуттук банк тарабынан санарип түрүндө чыгарылат жана анын милдети болуп саналат.

Концепцияга ылайык, санарип сомдун дизайнынын модели – эки деңгээлдүү чекене модель болот, Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн санарип сом түрүндө электрондук капчыктарды ачат жана жүргүзөт. Коммерциялык банктар кардарлар үчүн капчыктарды санарип сом платформасында ачат жана жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип сомдун үлгүсүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча өзүнчө долбоордук топ түзгөн, ал долбоорду ишке ашыруунун кеңири техникалык бөлүктөрүн, анын ичинде жалпы дизайнын, архитектурасын, учурдагы төлөм системалары менен интеграциясын, идентификациялоо жана аутентификациялоо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, киберкоопсуздук маселелерин изилдөө ишин жүргүзүүдө, ошондой эле санарип сом долбоорун ишке ашыруу үчүн платформаны тандоо боюнча техникалык талаптарды жана милдеттерди иштеп чыгуу.

Санарип сом платформасы долбоорун ишке ашыруу Концепцияда белгиленген этаптарга ылайык ишке ашырылат.

Борбордук банктардын санарип валюталары виртуалдык активдер эмес экенин белгилей кетүү маанилүү. Санарип валюта улуттук (борбордук) банктар тарабынан чыгарылган жана колдоого алынган накталай жана накталай эмес акчалар менен катар акчанын жаңы формасы (үчүнчү формасы) болуп саналат. Жеке криптоактив же токен болушу мүмкүн болгон виртуалдык активдерге караганда, санарип валюта расмий статуска ээ жана улуттук (борбордук) банктын милдеттенмеси болот. Санарип валюта адатта төлөм системаларынын натыйжалуулугун жакшыртуу, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана транзакцияларды тейлөөгө сарптоолорду азайтуу максатын көздөйт.

4) Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын ишке киргизүү Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасынын үлгүсү биринчи жолу

2017-жылы пайда болгон, анда «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору катары «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК «Элкарт мобайл» мобилдик тиркемесин ишке киргизген, анда ошондой эле «Элкарт» картасынын ээлери кайсы банкта эсеп ачпасын «Элкарт» карталары аркылуу тез төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүү, коммуналдык жана башка кызматтарды уюлдук телефон аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. 2019-жылы тиркемеде QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Кийинчерээк чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн «Элкарт Trade» мобилдик тиркемеси жана «Мерчант Платформа» сервиси иштелип чыккан, мунун негизинде жеке ишкерлер жана юридикалык жактар QR-кодду колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл ала алышат.

Өлкөдө санарип төлөм инфраструктурасын андан ары өркүндөтүү жана накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү максатында 2023-жылдын май айында Улуттук банк Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясын бекиткен. Учурда Улуттук банк жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин бардык коммерциялык банктарда ачылган эсептери боюнча «24/7/365» режиминде төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө, ошондой эле бирдиктүү идентификаторду колдонуу менен чек ара аркылуу которууларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген жаңы системаны – Кыргыз Республикасынын тез төлөмдөр системасын түзүү боюнча чараларды көрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media